www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Спортчу Акжол Махмудовдун апасы "Мен тирүүмүн" деген маалыматын билдирип чыкты. Көзү тирүү энеси канча бир жылдар мурун каза болуп калган деген дагы маалыматтар комментарийлерде айтылып кеткен. Элдин баары эле каза болуп калган го деген ойдо калган.

Спортчунун апасынын билдирүүсү мени көп ойлорго түрттү.

Негизи жашоодо аялдар кайсы маселе болбосун терең карап, жүрөктөрүнүн тереңинен кабыл алат. Аял болуп көрбөгөндөн кийин аялзатынын маселесин балаң да түшүнбөйт. Эркектер эч качан аялзатынын маселесине терең карап, түпкүрүнөн түшүнө албайт.

Жашоодо үй-бүлө куруу маселе эмес, үй-бүлөлүк турмушка чыдап, коломтону өчүрбөй сактоо эрдик.

Никени сактап, үлгү болгон үй-бүлөлөр менен сыймыктанышыбыз керек. Үй-бүлө жашоосун сактоо өтө кыйын, чыдамкай адамдардын колунан келет. Бул дагы өзүнчө бир искусство, талант, чексиз сабырдуулукту талап кылат.

Спортчунун апасын аял катары, "Аяр зат" Коому менен аялдардын аялуу катмарын көп көрүп, билген эне катары, аялзаты менен иштешип жүргөн, көйгөйлөрдү көп уккан айым катары жакшы түшүнүп турам. Жашоодо ар кандай нерселер болот.

Эркектер үйлөнүп алганча башкача сыйда, үйлөнүп жубай кылып алгандан кийин башка мамилеге өтүшөт. Азыр абал мурдагыдан да курчуп кетти.

Аялды гүлгө салыштырсак болот, гүлгө суу куюп, жакшылап өстүрсө бажырайып ачылып берет. Айланасынын баарын көрккө бөлөйт.

Эркектер жашоого башкача көз карашта болгондуктан, жубайына көңүл бурбай койгондуктан же көпкөндүктөн, башка аялзатына азгырылгандыктан, жарына көңүлү жоктуктан улам үй-бүлө бузулуп, коломтонун оту өчөт. Шариятта дагы "Аялдарыңарга жакшы мамиле кылгыла" деп, Мухаммед пайгамбардын Хадича энебизге болгон мамилеси сүрөттөлөт.

Негизи аялдар төрөлгөндөн көзү өткөнчө көп кыйынчылыктарды баштан кечирет. Башка бирөөнүн үй-бүлөсүнө, башка чөйрөгө барып кызмат кылабыз. Ордубузду табабыз. Бул убакта жубайынын назик жүрөгү колдоого, жакшы мамилеге, жакшы сөзгө муктаж. Аялзаты ал үй-бүлөгө кул катары же үй кызматчысы катары келген эмес. Аялдын да өз орду бар. Аял дагы өзүнчө бир дүйнө, өзүнчө бийик, сыйга татыктуу жан.

Туруктуу, кыйынчылыкта колдогон, жубайын гүлдөй аярлаган мырзанын үй-бүлөсү, никеси узакка түбөлүккө сакталат.

Апасынын кайрылуусунан соң спортчу Акжол Махмудовдун өзүнө кайрылгым келди. Ички үнүмдү жеткиргим келди. Акжол али бала да. Өзү үй-бүлө күтө элек болгондуктан, эркек болгондуктан мындай нерсени түшүнбөйт. Апасы тирүү турганда "менин энем жок дегенге" эч кимдин акысы жок. Тогуз ай омурткасы сыздап көтөрүп, жарык дүйнөгө балканактай уул алып келди. Тукум улады. Түн уйкусун бөлүп, ак сүтүн берип эмизди. Үч уул, эки кызды жарыкка алып келди. "Бала бакчага жеткирип коюп подъездерди жууп иштечүмүн дейт. Ушундай эмгектерди кылып аялдын эмгеги сиңген, бирок айрым кыйынчылыктарга туруштук бере албай калган. Жанын ташка уруп, ушундай темпте кете берсе балким ден-соолугунан ажырамак же дагы башка жагдайларга учурамак.

Балким ошол убакта балдарын алып кетсе бага албай кыйналмактыр. Бул эненин тагдыр үзүмдөрү.

Мындай тагдыр тамчысы жүрөгүмдү дирилдетип, кыргыз элиме кайрылгым келди.

Жакында үч жашар кызын таксиге салып иштеген мырза тууралуу маалымат чыгып аябай кейиштүү кабыл алдык. Азыр аялдардын 70%ы ушундай ахыбалда. Бирок биз унчукпайбыз. Аларды көрбөйбүз. Аялдар такси айдамак тургай балдарын колуна кармап алып, жалданып иштеп жүрүшөт. Эмнеге буга жүрөк оорутпайбыз?

Бир эркек баласын караганы үчүн бүтүндөй кыргыз эли кайгырды.

Ал эми 5-6 баласын туш-тушка таштап көр оокат менен алышкан аялдарды ойлонбойбуз. Мындай аялдардын көбүн көрдүм. Балдарын бутунан тургузам деп түрдүү оор жумуштарда, кара жанын карч уруп жүрүп, канчаларынын көзү өтүп кеткендерин көрдүм.  Бакыт таба албай каржалып, атанын да эненин да түйшүгүн мойнуна артып, өзүн, ден-соолугун унуткан энелер канча? 

Мындай аялдарды ким ойлойт, укугун ким коргойт?

Аялдар кыйын болуп кетти деген сөздөр көбөйдү. Ар ким өз ахыбалына жараша аракеттенип жатат. Үйдө отурган аялзаты да жөн отурбайт. Сырттын жумушун да ичтикин жөндөгөн аялзаты эмеспи.

Кудай кошкон жарың түшүнүп колдоп-коштоп турбаса башка эч ким түшүнбөйт. Ошол сенин колдоочуң болсо гана аял киши бактылуу болот. Балдары бактылуу балалыкты өткөрөт.

Спортчу Акжол Махмудовго айтаарым, бар энеңди, сени жарык дүйнөгө алып келген энеңди, ак сүтүн берген энеңди эч качан жок дебе. Энеге зар болуп канча балдар жүрөт. Энеге зар канча жетимдер жетилүүдө... Энени сыйла. Энесиз бул дүйнө - дүйнө эмес. 

Энең болбосо сен эч ким эмессиң. Бейиш эненин таман алдында. Энең качан ыраазы болгондо гана эки дүйнө бактылуу болосуң. Балким телегейиң тегиз бактылуу бала болгондо ийгиликтер жаралбай калмак.

Кайсы кесипте болбосун акын, жазуучубу же ишкерди кыйынчылыктын артынан гана жакшы иштер жаралат. 

Спортчунун апасынын айтканын окуп эмнегедир аябай ыйладым. Жүрөгүм зыркырады. Аялуу тагдыр тамчысы.  Бул бир эненин зары эмес, миңдеген энелердин зарындай, тагдырындай туйулду. Аялзаты үчүн, тагдырлар үчүн жаным сыздады.

Кайсы эне эле балдарын таштап кетип бактылуу болом деп ойлосун. Бул бир аргасыздык. Күйөөсү сүйгөн жар болсо, үйүнөн бактылуулукту сезсе аялзаты башка тургай бизнес кылганга да кызыкпайт.

"Мен бактылуумун балдарым бар, жакшы жашоодо жашап жатсак, күйөөм сыйлап турса, сыртка чыгып же бизнеске аралашып кетүү мага зарылбы?" деген бактылуу энелерди, белгилүү айымдарды, сулуу актрисаларды кезиктирдим. Үйдө бакыт нуру жанып турса аялзатына иш, бизнес ж.бнын баары маанисиз жана кызыксыз.

Акжолго акырында да дагы айтаарым дүйнө жүзүн багындырып, дүйнө жүзү алаканыңда турса дагы энесиз, эненин ыраазычылыгысыз эч ким эмессиң!

Эне - кымбат, эне - улук баарынан!

Булак: NazarNews.kg

Маалымат Чынара Мамажакыпованын Facebook баракчасынан алынды

Последние новости