www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындай оюн профессор, Мамлекеттик Башкаруу Академиясынын мурунку ректору Алмазбек Акматалиев «NazarNews.kg» маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, мурунку ажонун убагында өлкөнүн сырткы карызынын өлчөмү эки эсеге өсүп, айрым инфраструктуралык долбоорлорго жумшала турган каражаттар дарексиз коротулган. Ал эми акыркы жылдардагы Кытай Эл Республикасына болгон карыздын кескин түрдө өсүшү, насыя алууда бир гана насыя берүүчү булагына токтолуу жана тендерсиз, атаандашсыздык принцибинен алыс карыз алуулар бир топ бүдөмүк ойлорду жаратып койду дейт Акматалиев.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстандын тышкы карызы 4 жарым млрд доллардан ашык.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости