www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламатсызбы! Мен 16 жаштамын, 3 бир тууганмын. Атамдын туугандары мени кемсинтет. Атамдын улуу эжеси күйөөгө тийген эмес, өзү чоң жерде иштейт. Улуу агасы мал чарбачылык менен алектенип, чоң атамдын үйүндө жашайт. Кичүү иниси болсо атамдын эжеси менен кошо Бишкекте жашайт. Атам болсо ортончусу, биз электр жарыгы жок кашарда турабыз. Алардын малдарын карайбыз, кээде атам жумалап ичип үйгө келбей коёт. Ошондо биз апама жардам берип, үйдөгү оокаттар менен алектенебиз. Сабакка деле көп барбайбыз, кээде чырактын майы жок калганда эрте эле жатып алабыз. Күндүзү болсо сабак окуганга убакыт жок.
Атам ичкиликке тоюп алганда кинг-конгдой кыйкырып, алыстан эле сөгүнүп-сагынып, баарыбызды каргап үйгө келет. Келип алып тынчтык бербей апамды сабап, бизди балталап салам деп коркутат. Кыскасы баарыбыздын жүрөгүбүздүн үшүн алып бүттү. Эртеси эскертсек, жип алып “өлөм” дейт. Үйүбүздө тынчтык жок.
Азыр мен Бишкектемин, колледжде окуйм. Атамдын улуу эжеси, иниси жана жеңем менен жашайм. Алар мени шылдыңдап, кордоп, айтпаган сөздөр менен тилдешет. Үйдөгү оокаттын баарын мен кылам.
Жакында эле атамдын улуу агасынын кызы анан эки баласы келген. Алар мени бөлүп “алкаш – алкаш” деп теңине алышпайт. Үйдөн эмне жоголбосун же эмне бүлүнбөсүн менден көрүшөт. Эшикке дос кыздарым менен сырдашканы беш мүнөткө чыгып койсом, “тентимиш, эмитен ушинтип жер таптайсың, кийин денеңди сатасыңбы” деп урушат.
Бир жолу үйгө апам келген. Шерине өткөрүп жатканбыз. Баары чогулуп алып апамдын ар бир сүйлөгөн сөзүнө күлүп, басынтып каткырышты. Атамдын эжеси апамды “сен дагы кишисиңби, ой койчу ай” деп теңине албайт. Апама “кетип калалычы, чыдабай кеттим” десем, “кой кызым, жаман болсо дагы туугандарың, ит болсо да атаң” деп тыйып коёт.
Атам болсо биз менен иши жок. Кетип калгым келет, апамды, эки инимди кыя албайм. Эмне кылсам, мага кеңеш бериниздерчи. Буйурса чоңойсом, акыры өч алам. Апам канча тыйбасын мен бул нерселерди жөн калтырбайм. Кээде чогулуп алып сабашат. Бул түйшүктү мен төрөлгөндөн бери көрүп келе жатам.
Булак: "Билесиңби"