www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Акматалиев: «Партия бул чоң жеке бизнес»

«Парламентаризм деген лозунгдун артында олчойгон бизнес, акча, финансы кызыкчылыктар бар», - дейт саясат таануучу Алмазбек Акматалиев.

«Эмне үчүн кээ бирөөлөр партиялык парламенттик башкаруу системасы үчүн жанталашып жатышат?

Себеби партия бул чоң жеке бизнес! Ошол жеке бизнес тынбай иштеп, киреше алып келиш үчүн Жогорку Кеңеш партиялык тизме менен болуш керек! Бул партиялык коррупция гүлдөп туруш үчүн өтө маанилүү! Себеби, так ошол шайлоодо партиялар жанданат, байыйт, алардын «сезону» келет...  Жанагы Ысык-Көлдөгү июль-август айы көлдүктөр үчүн чоң Сезон болгондой эле!

Азыр толугу менен бир мандаттууга өтөлүчү, бир жылдын ичинде баардык партиялар оомийин болот! Себеби, бизнеси токтойт! Реалдуу шарт Кыргызстанда ушундай! Ошол үчүн парламентаризм деген лозунгдун артында олчойгон бизнес, акча, финансы кызыкчылыктар бар!

Бүгүнкү партияларды кармап турган тек гана ошол кызыкчылыктар! Башка эч нерсе жок ал жерде! Ошол үчүн партиялардын лидерлери жана кожоюндары парламенттик башкаруу деп тытынып жатканынын негизги себеби ушул... Оо, ал жерде эмне деген акча тегеренип жүрөт, элестетиш кыйын... Миллиарддаган сомдор... 90% көмүскө айланат.

Парламенттик башкаруу дегендин артында ушундай да «интерестер» бар экенин унутпайлы, туугандар…», - деди Акматалиев.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости