www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга белгилүү блогерлердин бири Эрулан Кокулов Чүй облусуна караштуу Москва районунун Ак-Суу айылындагы мал союуучу жайда тартылган видеотасмасы коомчулукта ызы-чуу жаратып, түшунбөстүктөр келип чыккан. Блогер тартып алган тасма толугу менен чындыкка дал келбейт жана атайын чагымчылыкка барган. Алсак башка эле мал союлган жердин ал-абалын тасма тартып келип, жеке ишкер Эркин Бийбосуновдун ишканасына келип токтолгон. Бул тууралуу маалыматты, бүгүн, 9-январда NazarNews.kg маалымат агенттигине Эркин Бийбосунов билдирди.

--Белгилүү блогер Эркин Кокулов белгисиз мал союучу цехтин алдынан өлүп калган уйду тартып алып, аны биздин жеке ишканабызга чаптап койгон. Мен далил менен айта турган болсом блогер келгенде биздеги ички жана сырткы камерабыздан баарын тактоого болот. Эрлан биздин цехке кирип келе жатканда эч кандай уйдун өлүгү жок болгон. Бул көрүнүштү видеотасмадан көрүүгө болот. Тасмадагы ал коомчулукка тараткан жыгач эшик, биздин эшик темирден жасалган. Блогер Эрлан тартып алган мал союучу жер биздики эмес. Биздин мал союла турган цех заманбап, баардык талаптарга жооп берет. Бул жакта эч кандай өлгөн малдын эти сатылбайт. Ал жигиттин жасаганы жөн гана каралоо болуп калды. Жок нерсени бизге чаптап, ишмердүүлүгүбүзгө бут тосуп жатат. Бул ишкана аркылуу 200дөн ашуун ишкерлер ушул аймактын элдери нан таап жешет. Мамлекетке салык төлөп, таза иштеген ишкерлерди жаманатты кылуудан алыс болушубуз керек, - дейт жеке ишкер Эркин Бийбосунов.

Эске сала кетсек, жергиликтүү тургундар блогердин коомчулукка чыгарган тасмасы тууралуу нараазылык билдирип, акыйкат издеп атайын бийликке кайрыла тургандыгын айтышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости