www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл чыдамсыздык менен күткөн, бирок буйрук аткарып көнгөн "синоптик кара жашик" ашмалтайын чыгарган дебаттын толук 1 сааты Конституциялык реформага короп, анда 2010-жылдагы Конституция, парламенттик башкаруу формасын элге жек көрсөтүүгө катуу аракет көрүлдү. Дебатты алып баруучулардын деңгээли мындай жогорку саясий өнөктүккө жооп бербей турганы, башкаруу формасы тууралуу кенен түшүнүгү жоктугу, Кыргыз Конституциясы качан мыйзамдуу жолдон чыккандыгынан кабары жок экенин ачык көрсөттү. Кыргыз Конституциясы 2010-жылы эле өкүм зордук менен кабыл алынып, өзүнүн легитимдүүлүгүн жоготкон эмес.

Конституциянын тегерегиндеги азыркы талаш-тартыш 1993-жылдагы Конституцияны мыйзамсыз бузулушуна барып такалат. Конституция кабыл алынып жаткандагы мыйзамдуу жол-жоболордун баары аткарылган 1993-жылдагы Конституциянын 96-статьясынын 1-пунктунда "Ушул Конституцияга өзгөртүү жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын үчтөн биринин же Кыргызстандын 300 миңден кем эмес граждандарынын сунушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат." деп жазылган. Мында референдум дегендин жыты дагы болгон эмес.

Аскар Акаевдин мыйзамсыз Указы менен түзүлгөн Конституциялык кеңешмеси тарабынан иштелип чыгып, 1996-жылы февраль айындагы кабыл алынган Конституциянын 96-статьясынын 1-пунктунда "Ушул Конституцияга өзгөртүү жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалган референдум менен кабыл алынат." деп өзгөргөн. Ошол кезден бери бийликке келгендер өздөрүнө ылайыктуу Конституцияны кабыл алыш үчүн "Референдумду" беттерине басышып, жалпы эл колдоп берип жатат деп келишет. 2010-жылдагы Өмүрбек Текебаевдин Конституциясында 114-статьянын 1-пунктунда "Ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалган референдум менен кабыл алынышы мүмкүн." деп жазылат. Башкача айтканда Өмүрбек Текебаевдин Конституциялык кеңешмеси Аскар Акаевдин Конституциясындагы "Президент тарабынан дайындалган референдум" дегенди "Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалган референдум" деп алмаштырып койгон.

Баса, Өмүрбек Текебаевдин өзү Аскар Акаев түзгөн мыйзамсыз Конституциялык кеңешменин мүчөсү болгон. Конституцияны "мыйзамсыз референдум" аркылуу өзгөртүүнүн тарыхы ушундай. Өлкөнү кимдин колуна тапшырып беребиз?-деген маанилүү саясий өнөктүктүн орчундуусу болгон теледебаттын убактысынын тең жарымын бир маселеге короткон, "10 градус ысык болот экен, ким жеңет?"деген суроолорду бердирткен КТРК жетекчилигин "Балли, кыйын экенсиң, укмуш даярдаптырсың" деп алкоо айтса жарашабы эми? Талапкерлердин программасы кайда, элди түйшөлткөн маселелер боюнча суроолор эмне үчүн берилбеди? "10 градус ысык болот экен" деген суроо КТРК ичинде түзүлгөнбү же "Дордой Плаза" жактан келгенби? Жок дегенде дебат өткөрүүнүн маданиятын качан үйрөнөбүз? Кийинки шайлоодогу дебаттарды КТРКнын имаратында эмес, борбордук аянтта, он миңдеген элдин катышуусунда анык акыл, идея таймашы кылып өткөрбөйлүбү? Аянттын төрт бурчуна төрт экран жайгаштырып койсо элдин баары көрөт, бир гана КТРК эмес башка ТВ, интернет сайттар дагы түз эфир аркылуу элге чагылдырууга мүмкүнчүлүк алмак. Кыскасы, бүгүнкү КТРКдагы дебатты көрөм деп короткон кайран нерв, кайран 2 саат.

Наралы Асанбаев, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости