www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тээ жылаңач аялды музейде бастырышканда эле жазгам, "Булар батыштын жугундусун Кыргыздардын үстүнө аз-аздан куюп, кыргыздын нарк-салтын, адеп-ыйманын талкалап, улуттук ички өзөгүбүздү иритүү үчүн түрлүү жолдорду колдонуп, "Тамчы таш тешет"-дегендей ушундай акмакчылыктардын улам бирин чыгарып, тамчылата берип бизди талкалап жок кылуу аракетин көрүшүүдө"-деп. Курал Чокоевдердин жоругун көргөндө тигил апчеңер жыргап атса керек: "Мыркалардын ичинен биздин таасир тийип өсүп-өнүп калганы бар тура"- деп. Мындай пикирин жазуучу Чолпонбек Абыкеев билдирди. 

--"Жанагы улам көчөгө чыгып кызтекелердин жүрүшүн өткөргөндөр, аялдык нарктан кетип, чачын улам кырдырып салып улууну улуу, кичүүнү кичүү дебей аңкылдап жүргөндөр, бүт атайын программа менен сырттан өтө ири каражат алып иштегендер. Кыргыздардын улуттук өзгөчөлүгү, бекем нарк-салты, маданияты, адеп-ыйманы далайлардын тынчын кетирип, тээ бир кылымдардагы батышка шым кийгенди, таза жүргөндү үйрөткөн учурдан бери эстетип, эгер эле Кыргыздардын улуттук нарк-салты дүйнөгө жайыла баштаса дүйнөлүк адамзаат; "Биз адамдык жөнөкөй ыймандан кетип баратабыз. Көрсө, Кыргыз улутунун адеп-ыйманын, нарк-салтын адамдык жашоонун туу чокусу тура. Башатка кайтып Кыргыздардан үйрөнөлү деп чыгышса, кайрадан буларга миңдеген жылдарга чөгөлөп калабызбы"- дегенди ойлотуп жүрөктөрүн түшүрүүдө.

Ошондуктан өз ичибизден чыккан Курал Чокоев сыяктуу акча үчүн энесин да саткандан кайра тартпай турган тексиз, ыймансыздар аркылуу чабуулдарын улам күчөтүшүүдө. Буларды кимдер каржылап атканын текшере келсеңер эле сырткы агымдардын кулактары делдейип чыгат. Кыргыз улуттунун аскадай бекем нарк-салтын талкалоо аракети жекке эле мындай маданият тармагы аркылуу эмес, башка духовный (дин жолдору) аркылуу да болууда.

Кыргыздар эртерээк эсибизге келип улуттук адеп-ыйманыбызды, нарк-салтыбызды, улуттук өзгөчөлүгүбүздү сактоону мамлекеттик денгээлдеги иш катары карап, коргонууга өтпөсөк улут катары ичтен ирип жок болуу коркунучу босогодо турат. Сырттан агып кирген жугундуга тойгон чокойлор, аларга курал болуп, улуттук өзөгүбүздү жанчууну дагы күчөтүшпөсө токтотпойт. Эртең дагы бир жерден мындан да жаманы чыгат. Ушундай жоруктарды көрүшкөн жаштарыбыз болсо "А-а ушинте бересе болот тура"- дегенге өтүшөт. Бирөөлөрдүн "Жаштар өзүнчө отурушса мындан да жаман сөгүнүшөт"- деп жазганын окуп калдым. Биз деле 60 жашка шак этип асмандан түшүп калган жокпуз. Жаш болгонбуз. Жалаң эркек өзүбүзчө отурсак деле сөгүнүшчү эмеспиз. Кызып калганда айрымдарыбыздын оозунан ар нерсе чыга баштаса "Кыргыз мас болсо орусча сөгүнөт. Мас болуп калды"- деп шылдыңдачубуз. Анткени кыргыздар мас болсок да кыргызча сөгүнүүгө дитибиз барбайт. Эгер чын эле азыркы жаштар өздөрүнчө отурганда сөгүнүп-сагына беришсе анда ирип бузула башташкан экен. Адепсиздик айбанатка гана берилген. Адам адеби менен адамдыгын сактайт. Муну ар бирибиз билишибиз керек", - деди Чолпонбек Абыкеев.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости