www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Саясий Эгемендик аркылуу руханий Эгемендикти өнүктүрүп жатабыз", деди бүгүн, 31-августта NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Алмазбек Акматалиев.

- Алмазбек агай, Кыргызстан бүгүн эгемендигинин 30 жылдыгын белгилеп жатат. Бул мөөнөт ичинде эмнеге жетишип, эмнени жоготтук? Мамлекетибиз дүйнөлүк рейтингдерде кандай орунду ээлей алды?

- Кыргызстандын ошол кездеги элитасы деле, калың эли деле Эгемен Мамлекет курууга чынында даяр эмес болчу. Себеби, Эгемендикти жарыялаш кыйынга турбайт, бирок эффективдүү Эгемен мамлекетин куруу, бутуна тургузуу, өнүктүрүү бул алда канча кыйын иш экенин 30 жылдык тарыхыбыз айгинелеп койду... Биз дагы деле ошол даярдыгыбыз жок экенин кесепетин көрүп, Эгемендик үчүн ачуу, оор, түйшүктүү баасын төлөп келебиз... 30 жылдын ичинде биз кардиналдуу саясий, экономикалык, идеологиялык , социалдык, руханий реформаларды жасадык. Жаңылдык, жыгылдык, кайра турдук....

Бирок, тажрыйба топтодук! Өзүбүздүн каталарыбызды көрдүк, кээ биринен сабак алдык! Бирөөнүн, борбордун чечимдери, лозунгдары, идеологиясы менен 70 жылдан ашык жашап жүрүп, анан эле "өз багытыбызды өзүбүз аныкташ" кыйла кыйын экенин жон терибиз менен сездик. Совет доорунда былгып, уктамыш этип жүргөн былыктарыбыз ачык чыгып калды. Мамлекеттүүлүктү орнотуу боюнча эч улуттук тажрыйбабыз жокко эсе экени билинип калды. Келечек биз күткөндөй, биз эңсегендей болбой калды. Бирок, эң негизкиси, укуктук, юридикалык жактан формалдуу болсо да, Эгемен Кыргызстан пайда болду. Аны дүйнө тааныды. Ички жана тышкы саясатты дараметибизге, акыл парасатыбызга жараша өзүбүз аныктап калдык. Ошол маанилүү.

Эми кийинки 30 жылга негизги саясатыбыз ошол формалдуу Эгемендикти чыныгы Эгемендик менен толуктоо, толтуруу болуп эсептелинет. Эгемендик бар үчүн руханий дөөлөттөрдү, тилибизди, маданиятыбызды сактап калдык. Саясий Эгемендик аркылуу руханий Эгемендикти өнүктүрүп жатабыз... Саясий эгемендикти сактабасак, анда баарын жоготобуз! Ушул маанилүү. Дагы деле улуттук биримдигибиз жок, ич ара ыйкы-тыйкы боло берсек анда мамлекет катары жок болуп кетебиз. Бул турган иш. Дагы деле коррупция гүлдөп, калыстык жок боло берсе, анда келечегибиз да болбойт. Жаңы саясий элита түптөлүшү зарыл. Жаңы, заманбап, мекенчил жаштар келиши керек башкарууга. Жаңы муундун Улуттук Вазийпасы ошол..

Ар бир экономикалык, саясий, маданий кадамдар Улуттун, Элдин өнүгүүсүнүн кызыкчылыгын көздөш керек. Бийлик менен Эл биримдикте, бири бирин сыйлоо, ишенүү процессинде болушу өтө зарыл. Ал эл да, эл шайлаган бийлик да ар бири өз жоопкерчилигин сезиши керек. Мен ишенем: Эгемендиктин жакшы пайдубалы турду 30 жылда! Эми Эгемендиктин имаратын бүтүрүп, ал имараттын ичинде бакубат турмуш куруу биздин жаңы муундун колунан келет! Башка жол жок!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости