www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кыргызстандын бүгүнкү абалын көрүп туруп, 30 жылдан бери канча жана кандай эшектерди такалап жүрдүк дегиң келет!", - деди бүгүн, 31-августта NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Каныбек агай, эгемендүү мамлекет болгонубузга быйыл туптуура 30 жыл болуптур. 30 жылда эмнеге жетиштик, эмнени жоготтук?

- Бул менин жүрөгүмдү өйүгөн өтө оор суроо. Анткени бүгүнкү Кыргызстандын абалын көрүп туруп, 30 жылдан бери канча жана кандай эшектерди такалап жүрдүк дегиң келет! Өткөндө Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев бизди, кыргыздарды эгемендүүлүк алгандан бери эмне көрүнүктүү жумуш аткара алышты деп койду эле, жагымпоз менен жасакер азаматтарыбыз ал кишини талап жатып калышты. Мен дагы алгачкы иретте ыза болдум, бирок кийин түшүнүп ээрдимди кесе тиштеп өкүндүм. Анткени тиги көсөм киши туура айткан экен!  Кээ бир "публицист" болумуштар болсо так кесе эле айтып туруп алышты: "Биз сага окшоп автократтык режимге жол берген жокпуз. Керек болсо баардык президенттерибизди дыргаяктатып кубалап жүрөбүз. Бирөөсүн болсо түрмөгө тыгып койдук! - деп. Эми сенин сурооңо кыска жооп берсем, Биз эгемендиктүү өлкө болдук. Ушунусуна дагы шүгүр! Насип болсун! СССРдин кыйрап кетишинен гана ушул статуска ээ болдук. Ал эми өз алдынча өлкө болууга кудуретибиз алигиче жетпей келет!

Анткени, накта эгемендүү болуу үчүн биз эң биринчи экономикалык жактан көз карандысыздыкка жетишибиш керек болчу. Анын кыпындай дагы белгиси жок. Ууру жана каракчы башчыларыбыздын азабынан биздин Кыргызстан СССРдин учурундагы бардык союздук республикалардан эң арткы орунга түшүп кеттик! Дүйнөлүк рейтингде биздин эч кандай ордубуз деле калбай калды го! Мунун баары эки гана нерсени колго алалбай калгандыгыбыздан болду. Биринчиси СССРден энчи болуп калган билим берүү системасын талкалап алдык. Келечектеги өлкөнүн ээси боло турган уул-кыздарыбыздын убалына калдык.

Экинчиси, улуттук идеологиябызды калыптандыргандын ордуна ойду-тоону сүйлөп, кайдагы бир болбогон жомокторго кыялданып кеттик. Манастын айкөлдүк жана жаратмандык осуяттарынан кайтып кеттик! Эми улуу Манастын каары бизди көпкө чейин жазалай го! Кеч боло электе акылыбызга келип, дүйнөнүн артынан жүгүргөндү токтотуп, руханий наркыбызды көтөрө баштасак жакшы болмок. Бирок, акыркы окуялар мени абдан катуу кабатырлантып жатат. Күздөгү парламенттик шайлоолордун аягы эмне менен бүтөөр экен? Эстеп алып жүрөгүм титиреп кетип жатат! Кыргызым аман калса экен!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости