www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Транзиттик туризм бул туризмдин жаңы түрү болгону калды окшойт", - дейт саясат таануучу Алмазбек Акматалиев. 

--"Транзиттик туризм бул туризмдин жаңы түрү болгону калды окшойт. Албетте, бул коронавирус оорусу менен байланышкан. Бул вирус бир жансыл болмоюнча улана берет. 

Пакистан, Непал, Бангладештен келип, кайра кетип жаткан транзит туристтерин тыю салбай, кайра кемчиликтерин оңдоп, улантып кетиш керек.

Себеби, бул бизге Кудайым өзү берип жаткан чоң киреше.

Мындай туристтер үчүн баардык мамлекеттер катуу күрөшөт. Ошол эле Түркия бүтүн Европа менен атаандашып, ар бир транзиттик турист үчүн аракет кылат. Биз аларга шарт түзүп, ыңгайлаштыра албасак, аны биздин эле өзбек, казак кошуналар жасап коюшу мүмкүн..

Өкмөткө сунуш:

1 - Келип кетүүнү Тамчы аэропорту аркылуу гана жүргүзүү керек.

2 - Келип кетүүнү мамлекет, жергиликтүү бийлик колго алышы керек. Келип кетүү жергиликтүү турагенттиктери аркылуу болушу зарыл, алардын чакыруусу менен. Турагенттиктиктер алардын келип кетишине, жайгашкан шарттарына, карантинди сактоо боюнча жоопкерчиликти алышы зарыл.

3 - 14 күндүк транзиттик туристтердин Кыргызстанда жүрө турган аймагын Балыкчы - Каракол менен чектөө керек.

4 - Пансионаттарга бирдиктүү бааны коюп берүү керек. 

5 - Келип кетүү эрежесин иштеп чыгып, туристтерге кол койдуруп, ошол эрежелерди бекем карманыш керек!

6 - Бишкектен атайын патруль уюштуруп (туристтик патруль бар), ошолорду командировка жолу менен жиберүү зарыл.

7 - Ушул транзиттик туризмди уюштуруп жаткан фирмалар менен Өкмөт тыгыз иштеп, Консултативдик Кеңешме түзүүсү абзел.  

Бул чаралар кирсе, Тамчы аэропорту да такай иштей баштайт, Ысык-Көлдөгү пансионаттар да жыл бою иштейт, жергиликтүү эл да киреше булактары менен камсыз болот.

Албетте, кайсы бир коркунучтар бар... Бирок, биттен коркуп, көйнөктү кошо отко салбаш керек. Бүгүнкү шартта мамлекет тэк гана виза берүү менен чектелип жатат, калганына көңүл бурган жок. Ошол үчүн бул маселе ушундай коомдук пикирди жаратты деп ойлойм.

Тескерисинче виза берүүдөн баштап 14 күн бою, алар учуп кеткиче мамлекет аларга жардам берип, көзөмөлгө алып, тосуп узатып койсо туура болот", - дейт Акматалиев. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости