www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талибдер Панжшер күчтөрүнүн сунушунан баш тартты

"Талибан"* кыймылы Панжшер күчтөрүнүн лидери Ахмад Масуд менен келишим түзүүдөн баш тартты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Буга чейин Масуд согушкерлер ок атуусун токтотуп провинциядан чыгып кетсе, сүйлөшүүлөргө барууга даяр экенин айткан.

"Биздин тынчтык орнотуу тууралуу сунушубуз четке кагылгандан кийин сүйлөшөр сөзүбүз деле калган жок. Кыймыл жети районду басып алгандан кийин провинциянын борборун колго алууга жакындап калды", — деди Масуд "Аль-Жазира" телеканалына берген маегинде.

Буга чейин "Талибан"* кыймылы согушкерлерге каршылык көрсөтүүнүн таянычы болгон Панжшер провинциясын басып алганын билдиришкен. Көп өтпөй кыймылдын өкүлү Билал Карими дал ушул Парьян аймагы, андан тышкары, Шутал, Аннаба жана Хиндж алардын колуна өткөнүн кабарлаган.

Августтун башында "Талибан"* кыймылы активдешип, Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнө чабуул кое баштаган. 2021-жылдын 15-августунда борбор шаары Кабулга кирип, президенттик сарай алардын көзөмөлүндө калган. Ал эми 16-августта Афганистандагы согуш аягына чыкты деп жар салып, жакын арада өлкөнүн башкаруу формасы аныкталарын айтышкан. 31-августка караган түнү АКШ аскерлери буга чейин көзөмөлүндө турган Кабул аэропортун таштап чыгып кетишти.

Учурда талибдерге каршылык көрсөтүп жаткан өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Панжшер провинциясы болууда.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2006-жылы «Талибан» кыймылы террористтик уюм деген чечим чыгарган. Кыргызстанда анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости