www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бакиев, Атамбаев жана Жээнбеков президент болуп турганда, элдин атын жамынуу менен көз будамайлаган жорук жолго салынып калган. «Чүйлүктөр бийликке нааразы, алдын ала сүйлөшөлү, акча бөлүш керек» деген сыяктуу сөздөр дайыма айтылып, президенттик аппаратка чейин чыгышып, айрым министрлер, бизнесмендер аркылуу миллиондор бөлүнүп турчу.

Бул каражаттар кайда кетчү? «Чүйлүктөрдү жооткотобуз, алдайбыз» таризинде ресторанга чай уюштурууга, спорттук иш-чараларды өткөрүүгө, улак тарттырууга жумшалчу. Чындыгында «уюштургуч» шылуундар көп акчаны сол чөнтөккө солошуп, афералык жолдо акча жасап келишкени жалганбы?

Мына ушундай алдамчылык соңку убакта да уланып, айрым депутаттар, жергиликтүү жетекчилер менен баягы эле шумпайлар арасында «көркүнө» чыгууда. Бийликтин жогорку бутагында отургандар дал ушундай калпыстыктарды тыйышы керек. Береги «ачкүсөндөр» капчыктарын кампайтуу үчүн атайын элди бушайманга салышып, өздөрү провокация жасоо аркылуу байыгылары келишет.

Азырынча элибиз тынч эле жашап жатат. Болгону ортодогу козуткучтар бир жагы бийликке жагынууга ашыгышып, түрдүү жомокторду айтышып, тескери иштерге батынышууда. Демек, бул жааттан кылдат анализ кылуу менен кошоматчыларды сүрүп салуу зарыл.

Булак: Азия News гезити

Последние новости