www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Атамбаев №27 абакка которулду

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесине которулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Бишкектеги №47 абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев келерки аптада Молдовановкадагы №27 түзөтүү колониясына которула турганын буга чейин соттук отурумда журналисттерге билдирген болчу.

Эске салсак, Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ал 11 жылга эркинен ажыратылды.

Мындан тышкары Атамбаев “Кой-Таш иши” (аны колго түшүрүү операциясында бир офицер каза болуп, 175 адам жараат алган), 2020-жылдын октябрындагы Бишкектеги башаламандыктар, кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу жемкорлук, борбор калаанын Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз жазып берүү иштери боюнча да айыпталып жатканын Бишкектин Биринчи Май райондук соту билдирген. Атамбаев өзү бул айыптоолорду саясий куугунтук катары баалап келет. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости