www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги мечиттин жанында ок атуучу курал-жарактар табылды, - деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Билдирүүгө ылайык, УКМК мыйзамсыз жүгүртүлгөн ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана баңгизаттарды аныктоо жана алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-аракеттердин алкагындагы ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынан ок атуучу куралдардын жана баңгизаттар бекитилген жайы табылды.

Ыкчам маалымат боюнча, ушул жылдын 10-апрелине караган түнү белгисиз адамдар Бишкек шаарындагы мечиттердин биринин жанында жайгашкан курулуш таштандыларынын арасына бир баштык катып кетишкендиги аныкталган.

Бул факт 2020-жылдын 14-апрелинде текшерүү иш-чараларын уюштуруу максатында Маалыматтарды каттоо журналына катталып, жогоруда аталган жайда текшерүү жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында бетон плитанын астынан ак түстөгү баштык табылып, ичинен 32 жана 12 мм калибрдеги 2 ок атуучу курал (араланган мылтык), 11 даана металл гильза, 3 даана граната жана спецификалык жыты бар кочкул жашыл түстөгү болжол менен 3 кг салмактагы (болжол менен гашиш) полиэтилен пленкасына оролгон буюм табылып алынган.

Азыркы учурда жогорудагы табылган нерселерге тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган керектүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости