www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыңыр иш кырк жылда», «Шибегени капка ката албайсың» дегендей эле ар бир кыңыр иш эртеби, кечпи ачыкка чыкпай койбойт. Буга чейин Казакстан менен Кыргызстандын бажы өткөрмө пункттарында ири коррупциялык, акча жасоочу схеманын анабашында турган деп айыпталып ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу кармалган эле.

Кечээ жакында мандатынан да ажырады. Бул факт орун алганда көпчүлүктө «бул оңбогондой коррупциялык схеманы Дамирбек Асылбек уулу кантип жалгыз өзү ишке ашырде экен?», - дегендей ойлор болгон. Көрсө, андай түкшүмөл ойлордун негизи бар тура. Казакстан тараптан билдирген бейрасмий маалыматтарга ишенсек, бул корруциялык схемадан эң биринчи кезекте Алмазбек Атамбаев, андан ары Икрамжан Илмиянов, Албек Ибраимов жана экс-президенттин мурдагы жансакчылары чоң акчаларды жасап, “жашылбайларга” маарып келишиптир. Дамирбек Асылбек уулу мында жөн гана «пешканын» ролун аткарган дейт билгендер.

Дамирбек Асылбек уулу биринчиден, Казакстандын жараны, экинчиден, ЖК депутаты болгону үчүн бул ишке тартылганы боюнча маалыматтар чыгууда. Сыягы, парламенттин депутатынан шек санашпайт деп ойлошкон окшойт. Казакстан тараптан келип аткан мындай маалыматтарды жокко чыгарууга да болбойт. Балким, ошол себептен Атамбаев кечээ жакында эле президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан алган мурдагы жансакчысы Болот Сүйүнбаевди кайра эле Сапар Исаковдун колу менен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына дайындаттыбы?

Болбосо, Атамбаевге элге, коомчулукка жек көрүнүүгө анчалык эмне күч келди десеңиз? Учурда бул дайындоону уккан ар бир кыргыз жараны жерге түкүрүп, Атамбаевди сөгүп турган кездери. Болот Сүйүнбаев бул кызматта эмне үчүн экс-президентке керек болуп калды?

Албетте, экономикалык коррупциялык иштерди ачыкка чыгарбай, жаап, күм-жам кылуу үчүн керектиги айтпаса да түшүнүктүү болуп калды. Өзүн ар дайым Кыргызстанды саздан чыгарып, кыргыз элин алааматтан сактап калган адам катары көрсөтүүдөн жадабаган Алмазбек Атамбаевдин өзүн өзү сактоо инстинкти катуу ойгонуп, жаны жай албай жаткандай. Ал эми премьер Сапар Исаковго жол болсун! «Аташкасынын» айтканын кыңк дебей аткарып, колбала өкмөт башчылыктын милдетин азырынча “дурус” аткарып аткан кербези.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости