www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Союз чачырагандан бери канча мезгил өттү. Ошондон баштап эле Кудай бетин салбасын, тим эле жаандан кийинки жыбырап чыккан козу карындардай болуп табып, элдик дарыгер, экстросеанс, төлгөчү, эмчи, көзү ачык дегендер жайнап кетпедиби. Араларында чыныгы дарыгерлери да, эптеп оокат кылыш үчүн элди алдап жанын баккандар да бар. Кимисине ишенип кимисине ишенбесиңди билбейсиң, көзүң жетпейт.

Ал эми ошол Союз мезгилинде болсо динге катуу тыюу салынгандыктан андай адамдар эл алдында чыга алышчу эмес. Ал мезгилде чыныгы табып, дарыгер, көзү ачыктар болушкан.

Кез-кез катуу муктаждыктары болгондо гана элдер аларга кайрылышчу. Азыркыдай болуп акча алып иштешчү эмес. Төлгөчү, көзү ачыктардын айткандары туура чыкчу. Андайларга врач менен милициялар катуу карама-каршы чыгышкан. Куугундукка алышчу. Ушундай адамдарды байкап же билип калышса катуу эскертүү берүү менен тыйып салышчу же башка жакка кубалап жиберишчү.

Азыр болсо бардыгы каалаганындай эркин иштешет. Ошол Союз мезгилинде Жумгал районунун борбордук ооруканасында Кладвия Викторовна деген улгайып калган аял иштечү. Мен анда мектепте окучумун, мурун ал каякта эмне кызматта иштегенин билбейм. Жумгал боюнча төрөгөн кыз-келиндердин бардыгы ошонун колунан өтчү. Анын төрөтүү ыкмасы таптакыр башкача болчу. Толготуп келишкен кыз-келиндерди дароо төрөт бөлмөсүнө алып келчү да эшик-терезелерди бекитип, караңгылап арча түтөтүп, шам жагып анан колуна калдырак-шалдырактарды алыбалып, бөлмө ичине ары-бери басып, шалдырактарын шалдыратып, кандайдыр таңгалыштуу сөздөрдү айтып, өзүнчө буркан-шаркан түшүп сүйлөнө берчү.

Дубанын күчүбү же кандайдыр бир сыйкырдуу сыр барбы айтор толготуп жаткан кыз-келиндер эч кыйналбай эле жеңил төрөп коюшчу. Анын касиетине кыз-келиндер өздөрү да таңгалышчу. Аны күнү болсо күн, түнү болсо түн машине менен келишип алып кетишчү. Эч убакта моюн толгогон эмес.
Жумуштарынын баарын жыйыштырып салып жөнөп берчү. Ал аялдын колунан канчалаган гана кыз-келиндер көз жарышты. Төрөгөн аялдардын тууган-туушкандары, күйөөлөрү ага ыраазычылыгын билдиришип бир нерсе беришсе жаа бою качып, таптакыр эчтеке алчу эмес.

Бардык нерсе ойдогудай боло бербейт эмеспи. Ошол мезгилде динге каршы үгүт күчтүү болуп тургандыктан ал катуу куугундук жеп иштеген жеринен куулду. Аз жерден соттолуп да кете жаздаган. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө таарындыбы же катуу кысымга чыдай алган жокбу айтор ал акыркы мезгилде таптакыр эле көрүнбөй кетти. Сыягы өкмөт аны башка жакка кубалап мажбурлап көчүрүп жиберди окшойт.

Ошондон кийин ал аялды экинчи көргөн жокмун. Ал дайынсыз кеткенден кийин Жумгалдык кыз-келиндердин бардыгы катуу кейишип "кап ошол болгондо жакшы болбойт беле, эч кыйналбай төрөйт элек" дешип аны көп эстешип, шыпшынышып кеп кылып калышчу. Чындыгында эле ошол мезгилде төрөттөн
кыйналган эч ким болбоптур.
Ал аял азыр каякта экенин эч ким билбейт экен. Балким көзү өтүп кеткен да чыгаар. Россия тарапка көчүп кеттиби же ушул жакта билинбей жүрүп эле каза болдубу белгисиз. А балким ал аял азыр тирүүдүр? Аны Кудайым өзү билет.
Ошондой өзүнүн дубасы, касиети бар аялдар азыр барбы жокбу билбейм. Төрөтканага жете албай калган келиндер болсо үйүнө келип бөлмөлөрдү караңгылап, шам күйгүзүп, бир нерселерди айтып күбүрөп атып, жеңил-желпи эле төрөтүп койчу. Мен ошондойго өзүм да күбө болгом. Бала төрөлгөн соң эч нерсе албай акырын чыгып кетип калчу. Ал толготуп аткан келиндерге күн болсо күн, түн болсо түн даяр болчу. Өз мезгилинде ал канчалаган гана келиндердин сообуна калган, чиркин. Ошондой жеңил-желпи төрөткөн аялдар азыр болсо гана атаганат.
Жетимиш Көлбаев Жумгал району

Булак: Шамбала

Последние новости