www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-июнда Казакстан Республикасынын Астана шаарына жасаган жумушчу сапарынын алкагында Чехиянын Президенти Милош Земан менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө саясый, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташуу маселелери талкууланды

Мамлекет  башчылары  эки тараптуу байланыштарды бардык деңгээлде активдештирүүнү колдоорун билдирип,  Кыргызстанга Чехия инвестицияларын тартуу маселелерин   жана конкреттүү долбоорлорду биргелешип ишке ашыруунун перспективаларын талкуулады.

Чехиянын Президенти Милош Земан чех тарап Кыргызстанда энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар экендигин билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев аңгемелешүүнүн жүрүшүндө Чехиянын Президенти  Милош Земан аркылуу –  чех элине  Кыргызстанга өткөн кылымдын 30чу жылдары көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип,  алардын эмгеги ата мекендик өнөр жайдын калыптанышына жана өнүгүшүнө олуттуу салым кошкондугун баса белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев  ошондой эле  Кыргызстанда  негизги чөйрөлөрдөгү жүргүзүлүп жаткан реформалар жана  бардык тармактардагы процесстердин ачык жүргүзүлүшүн камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында айтып берди деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости