www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, “kr_okmotu” деген аталыштан,

«Ыйман, адеп жана маданият жылы» карата го...

Бөлүнсөң бөөрү жеп кетет,

Бөлүнүп калды кыргыз деп,

Бөлөк элге кеп кетет. (Манастан) – деген төр сап ыр, жарандардын байланыш түйүндөрүнө СМС аркылуу келе баштады. Бул го жакшы эмес, өтө жакшы көрүнүш. Бирок чоочугандай эле мындай СМС кандайча жарандарга жөнөтүлүп калды, таң калычтуу.

Баса, Өкүмат башчысы “кыргызстандык” Сокеге собол, паспортто “улуту” деген графаны алып салдыңар го, тиги төрт сап ырды эл-журтка эмнеге СМС кылып жөнөтүп жатасыздар...Улуту деген кызыкчылыкты ойлобогон, Манастын төрт сап ырына тийишпей  эле койсоңуздар. Иши кылып кеңешчиңер менен аман болгула.

«Ыйман, адеп жана маданият жылы» деп коюп паспортто “улуту” деген графаны алып салып, ордуна “жынысы” дегенди киргиздиңер. Эмне силер көргөндө эркек менен аялды ажырата албай калгансыңарбы? Же көрүү сезими начарбы? Мындан ары төрт сап ырды жазып жөнөтпөгүлө, анткени силер кыргыз үчүн күйсөңөр, “улуту” деген графаны паспорттон  албайт элеңер. Манас атанын ырына тийишпегиле. Манас ата кыргыз эли үчүн кашык канын аяган эмес. Билбесеңер билип алгыла биз кыргызбыз. Кыргызстандык эмеспиз. Улутубуз – КЫРГЫЗ!!!  

Ал эми кыргыздын улуттук идеологиясы барган сайын талкаланып, унутта калып бара жатканын улуу муундардын өкүлдөрү ыйлап айтып жибербесе дагы,  каттуу кайгырып айтып жатканы бештен белгилүү.

Бирок өкмөттүн мындай СМС жөнөткөнү туура дегенибиз менен так ушул тапта Өкүмат мамлекеттик телерадио  компаниялардан тынымысыз улуттук кызыкчылыкты көздөгөн көрсөтүүлөрдү бергиле деген буйрукту берсе, буйрук заматта аткарылмак.  

Алсак, Казакстан менен Өзбекстандын мамлекеттик кызыкчылыкты көздөгөн телерадиокомпаниялары жаштарды ынтымакка, кичипейилдүүлүкө, жаратмандыкка чакырган тасмаларын көрүүгө болот. Андай көркөм тасмалар бизде деле жок эмес.

Ошондуктан далил болуш үчүн, Өзбекстандын жаш муундарын улуулукка суугарган төмөнкү тасмаларды мисал катары көрүп койсоңуздар болот. Баса, төмөнкү казак тасмасында өмүрдү 300 жылга жашарта турган алма бар экен...Өй бийликте тургандар! Жегиле...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости