www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британияда мөөнөтүнөн мурда болгон парламенттик шайлоолор аяктады. Премьер-министр башында турган консервативдик партия Коомчулук палатасынын абсолюттук көпчүлүгүнөн куржалак калды. Бул торилер коалиция түзүүгө мүмкүн болгон партияны издейт дегендик. Мындай жыйынтык консерваторлор үчүн утулушка тете болду. Мэй учурунда шайлоонун натыйжасында өз позициясын бекемдейм деп ойлогон. Экинчи орунду лейбористтер ээледи. Алдын ала маалыматтар боюнча, башкаруучу партия палатада 316 орунду алат, лейбористтер – 261, либерал-демократтар – 12, шотландык улутчулдар – 35, калган партиялар – 23 мандатка ээ болот.

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй, парламенттин жаңы курамына кайра шайланып, башкаруучу партиянын жеңиши туруктуулук алып келип, Лондондун Евробиримдиктен чыгууда пайдалуу шарттарды камсыз кылат деп билдирди. Лейбористтердин лидери Жереми Корбин консерваторлордун шайлоодогу көрсөткүчтөрүнө байланыштуу премьерди кызматтан кетүүгө чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости