www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында бүгүн, 10-июнда, 2010-жылдагы июнь окуяларында каза болгондорду эскерүү боюнча иш-чара болуп өттү.
Анда премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, каза болгондордун туугандары жана Ош шаарынын тургундары катышышты.
Митинг-реквиемде Өкмөт башчы сөз сүйлөп, катышуучулар “Энелердин көз жашы” мемориалына гүл коюшуп, каза болгондор эскерилип, аларга багышталып Куран окулду.
“Бүгүн биз июнь окуяларында каза болгондорду жана дайынсыз жоголгондорду эскерүү үчүн чогулдук. Бул кайгылуу күндөр көптөгөн адам өмүрүн алып кетти. 2010-жылдын май-июнь айларында өлкөдө сепаратисттердин уюшкан иштери күч алды, өзгөчө өлкөнүн түштүгүндө күчөгөн. Айрымдар өлкөнүн кыйрашы тууралуу сөз таратышкандыгына карабай Кыргызстан оор күндөрдү башынан өткөрдү. Элдин ажырагыс биримдиги – өлкөнүн кыйроосун алдын алып, стабилдүүлүктү сактап калды. Бүгүн биз жалпы күч менен күчтүү мамлекетти куруп жатабыз”, – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Булак: NazarNews.kg