www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кечээ, 12-июнда, өлкөбүзгө сапар менен келген  Европадагы  коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Баш катчысы Ламберто Занньер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент ЕККУ Баш катчысын жылуу кабыл алып, өлкөгө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Мамлекет башчысы  шайлоочуларды идентификациялоонун биометрикалык системасын колдонуу менен Кыргызстанда  парламенттик шайлоолорду  уюштуруудагы  жана өткөрүүдөгү ЕККУнун көрсөткөн жардамын баса белгиледи. Бул жаңы система шайлоо процессинин ачыктыгын жогорулатып, коомдун  ишенимин камсыз кылды. “Эми биз  заманбап технологияларды колдонуу менен президенттик шайлоолорду өткөргөнү даярданып жатабыз. Жарандарга  жаңы электрондук  биометрикалык паспорттор бериле баштады”, - деп маалымдады Алмазбек Атамбаев.

Баш катчы Ламберто Занньер жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип,  ЕККУ мындан ары дагы  Кыргызстандагы демократиялык кайра түзүүлөрдү колдойт деп ишендирди.  Алдыдагы президенттик шайлоолорго жакшы даярдык көрүүнүн маанисине токтолуп, Ламберто Занньер ЕККУнун байкоочулар миссиясын жөнөтүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

ЕККУнун Баш катчысы “Таза коом” санариптик трансформация долбоорунун башталышы менен куттуктап, Кыргызстандагы ЕККУнун программалык ишмердиги  дагы ушул долбоордун максаттарына жана милдеттерине ылайык келээрин белгиледи.

Жолугушууда Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости