www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаевдин кан басымы төмөндөп, калыбына келбей жатканын ага жолугууга кирген жактоочусу Замир Жоошев билдирди.
Анын айтымында Атамбаевдин кан басымы 70-60ты көрсөтүп жатат. Мындай кан басым менен инсульт же инфаркт алуу коркунучу бар.
Бирок, дарыгерлер жашырып ачыкка чыгарбай жатышыптыр. Учурда коомчулук, Атамбаевди үй камагына чыгаруусу керектигин айтып, президент Сооронбай Жээнбековго жасап, талап коюп жатышат. Алтымыштан өтүп калган адамдын кан басымы төмөндөп жатканы оюнчук эмес экенин президент Сооронбай Жээнбеков эске алып, тез арада чечим чыгарып, Атамбаевди үй камагына чыгартпаса ахыбал оорлоп кетиши мүмкүн. Эртең бир нерсе болуп кетсе, жалгыз жоопкерчилик тарта турчу адам Жээнбеков гана болуп калат. Ошол себептүү, айланасындагылардын бузуку сөздөрүн укпай, жүрөгү менен чечим чыгарышы керек. Болбосо Атамбаевдин абалы күндөн-күнгө оорлоп, бийликке кыйынчылык туудуруп коюшу мүмкүн. Балким кимдир бирөөлөр, Жээнбековду атайылап жаңылыштык кадамга түрткүсү келип, ага, "баары жакшы" деген маалымат берип жатышкандыр..
Булак: Ачык саясат