www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Америкалыктар самолет менен мекенине конгондо кол чаап жиберишет экен, карачы кандай сүйүү, кандай керемет...” деп суктанып жазып калаар элек илгери. Бирок бул назилинде баягы эле башкаларды даңазалап мактаган, башкага суктанган “догмабыз” болчу. Болбосо мекенине эсен аман буту жеткен жандын кубанычын чектеп болобу. Же мекенге болгон сүйүүнү чектеп, бышып болобу? Азыр баары ошентет. Кол чабышат. Мекенине эле эмес, бара турган жерине аман эсен жетип, аман эсен конгон үчүн ошентет. Анткени бара-бара учак дүйнөсү да эмне болуп баратат: “Самолет кулаптыр! Самолет жарылыптыр! Самолет коноордо өрттөнүптүр...! ...бул анын жөнөөрдөгү эң акыркы сүрөтү экен...” деген сыяктуу жаман кабарлар көбөйүп келет. Бирок бу дүйнө тирилик кылуудан турат. Ары бери катташтан турат. Жашоо ошентип уланат. Ал үчүн элдер жолго чыгыш керек. Билет алып самолетко, поузга, кемеге, чоң кичине машинеге олтуруш керек. Тирилик кылуудан коркуп кол куушуруп калмай жок... Баары кудайдын колунда деп коюшат адамдар. Баарыбыз ошентип коебуз. Кудайды улук тутуп ошентип коебуз. Болбосо бечара “бат ооруп, көп өлгүч адамзаты” самолеттон эмес авто кырсыктан көп өлүп жатпайбы. Кудайга шылтаганда эмне! Ооба, асмандан апкаарыйсың. Анткени колубуз жетпегендин баары асманда. Асман менен ойнобо. Асманга шалаакылык кылба. Асманды булгаба. Анткени жарыктын эгеси асман. Биз бар-жогун билбеген кудайдын үйү – асман. Биз бар-жогун билбеген бейиш менен тозогубуз да балким асман. Ошол үчүн асманга жолго чыгаар элдин баары дайыма толкундап турат. Сүйүнүп да, бүшүркөп да. Алардын өңү ошол кезде албырган болот. Анткени асмандын энергиясы ошондой. Касиети ошондой. Анткени ошол учурда сен жарым жартылай ошол дүйнөгө тартыласың, ошол дүйнөгө ойлоруң эбак кеткен болот. Оюң менен, сезүүң менен асманга аралашып турасың. Асмандын да аң-чөнөгү болот эмеспи. Турбуленттик агым деген. Кээде учак анын күчтүү агымына туш болуп калса, тимеле калчылдап кирсе элдин баары сыр бербеген менен жылдызы өчүп бир саам тунара түшөт. Бир ирет ошондой кезде акырын эки алаканымы бетиме жылдырып келип бата тилеп атсам жанымдагы да манжаларын түйүп алып сыр бербей чокунуп атыптыр... Оо бечара адам! дегем ошондо өзүмдү. Мындайды Рембке деген немис шоумени айткан экен: “Катуу турбуленттик агым учурунда самолетто бир да атеист калбай калат” деп. Анын сыңары элдин баары андайда кудайды эстеп калабыз.

Самолет жерден 11миң метр бийиктикте гана учат. Анткени ошого чейин гана бизге керек дем бар. Андан ары абасы аз андан ары абасы жок мейкиндик башталат. Жүрөктү апкаарыткан чексиздер башталат. Ал канчалык чексиз экенин ойлогондон коркосуң. Ал үчүн чексиз деген сөз да жетишсиз. Чексизден да чексиз... Ким бар?! Эмне бар, андан ары?! Жер Күн алдында бир чекит. Күн бир Жылдыздын алдында бир чекит. Бир жылдыз дагы бир чоочун Жылдыз алдында бир чекит... Байкуш адам! Бирок да “Жылдыздарга саякат” деп ыр жараткан алп адам! Бар бол өзүң. Дүйнөңдүн, туулган жериңдин, ылайдан салып алган үйүңдүн, араң жүрүп сатып алган үйүңдүн, кылдырек машинеңдин же толкундап бараткан учагыңдын ичинде аман бол сен! Жолуң дайым шыр болсун. Жетем деген жериңе жет. Жетем деген максат оюңа жет. Жетем деген жигит менен кызыңа жет, жаш адам!

Автор, Жеңишбек Эдигеев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости