www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-июнда, өлкөнүн  Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды.

Өлкөнүн Президенти тарабынан кол коюлган мыйзамга ылайык, Коопсуздук кеңешинин  Кыргыз Республикасынын  конституциялык  түзүлүшүн, суверенитетин,  көз карандысыздыгын жана территориалдык бүтүндүгүн азыркы замандын көйгөйлөрүнөн жана коркунучтарынан коргоого, өлкөнү узак мөөнөттүү перспективага туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылууга багытталган тышкы жана ички саясаттагы маселелер боюнча чечим иштеп чыгуу бөлүгүндөгү ыйгарым укуктары   күчөтүлгөн.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралардын комплексин толугу менен сапаттуу ишке ашыруу зарыл экендигин белгилеп, азыркы замандын көйгөйлөрүн  жана коркунучтарын эске алуу менен Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын  натыйжалуу ишин камсыз кылуу тапшырмасын берди деп билдирет президенттин басма сөз кызматты.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости