www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын районундагы Жерге-Тал айылында Ыйман, адеп жана маданият жылына карата өткөн «Улуттук каада-салт» фестивалында кыз куумай оюнуна түшкөн кыз аттан кулап түштү. Бул тууралуу Turmush сайтынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, дарыгерлер чакырылып, аттан жыгылган кызга биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү. Алдын ала маалыматтарга караганда, кыз Жерге-Тал айылынын тургуну болгон.

Аталган фестиваль Ыйман, адеп жана маданият жылына арналган. Иш-чара улуттук каада-салтты өркүндөтүү, жаштарга улуттук каада-салттык тарбия берүү, айылда туризмди өнүктүрүү максатын көздөйт. Айыл тургундары, коноктор жана жаштар күбө болгон фестиваль кыргыздардын көчүп келүүсүн чагылдыруу менен башталды.

Андан кийин улуттук салттар көрсөтүлүп, кол өнөрчүлөрдүн эмгектеринин көргөзмөсү уюштурулду. Жаа атуу, тыйын эңмей, кыз куумай сыяктуу улуттук оюндар да ойнолду.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости