www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-июнда "Ак шумкар" саясий партиясынын лидери Темир Сариевдин курултайы өтүп жатат. Курултайда алгач Темир Сариев тууралуу тасма көрсөтүлдү. Тилекке каршы жол астында калган акчалар жана Аксы облусундагы Унгар тоо боюнча маалыматтар айтылган жок. Президент боло турган адам чындыкты айтыш керек эле да.

Бирок, Алмазбек Атамбаевге аябай ишене тургандыгын баса белгилеп, "мурдагы шефи" шайлоону таза өткөрүп бере тургандыгын жар салды. Темир Сариев буга чейин жазында болгон жыйынында дагы, "ички сезимиме ишенем, кудай буюрса ...болом" дегендей айтып койгон эле.

Деги эле атка минерлер акылына кирбей койду, анчалык аша чабыштын эмне кереги бар. Бизге жеткен так маалыматтарга таянсак  "торт" Темир Сариев президент болбойт...

Кызыгы, тарапташтары эми эли минтип Сариевди "торт" кылып жешип атса, Темикең президент болгондон кийин "Рафаэлло" кылып жасап, элге толугу менен таратып жибериши толугу менен мүмкүн.  

...Ошентип Курултайда "Ак шумкар" саясий партиясы өлкө башчылыгына талапкер кылып лидери Темир Сариевди көрсөтөт.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Үгүт иштери 10-сентябрда ырчы-чоорчулар жана салюттар менен башталып, 14-октябрда аяктайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости