www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришкенине эки жарым жыл убакыт болуп калды. Ошондон улам айрым саясий оппоненттери, айрым маалымат каражаттары “Президент кызматка киришкенден бери көзгө көрүнүктүү иш жасай албай жатат, жөн эле отурат” деген сыяктуу маалыматтык чабуул жасай баштады. 

Бул тууралуу көп сөз айтып отуруунун кажети жок. Өткөн бийлик, чалмакейин чалып басып кетти, Москва бир күндө курулган эмес. Эми президенттин бир гана коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөш тууралуу атканына токтололу. Бул темада да “Президент өзүнүн оппоненттерин гана коррупцияга каршы күрөш деген ураан менен камап жатат, саясий куугунтук гана болуп жатат” деген багытка буруп кеткиси келгендер бар. 
Эми жакшылап анализ жасап көрбөйлүбү? 

Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу ири коррупцияга айыпталып абакка киргизилген мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, ТВЕА компаниясынан бөлүнгөн акчага эки мектеп куруунун ордуна бир гана мектепти куруп койгону жана бул иштеги коррупциялык жагдайлар боюнча камалган Бишкек шаарынын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов, Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз чыгарылып кеткени жана Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун оппоненттери беле? Тескерисинче, алар менен мурда бир командада иштебеди беле? 

Демек, Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштө эч кимди, туугандарын да, досторун да аябай турганын, ошондо гана бул күрөш натыйжа бере турганы тууралуу айткан сөзүнө бекем туруп жатат десек болот. Эгерде ал кол ийрисине тартат кылса, анда досу Алмазбек Атамбаевди бийлигине таянып калкалап калат болчу. Андай кылбады, мамлекеттин кызыкчылыгын жеке мамиледен жогору кое турганын далилдеди. Бүгүнкү күндөгү коррупцияга каршы күрөш көпчүлүк аткаминерлер үчүн сабак болуп жатат деп айтууга да болот. Себеби, ар кандай кыңыр иш акыры ачыктала турганын жогоруда аттары аталган экс-чиновниктердин тагдыры көрсөтүп турат.

Учурунда президент Сооронбай Жээнбековду Атамбаевдин тарапташтары бир өңчөй “саткын” деп каралап келишсе, азыр СДПК ич ара согушуп бири-бирин бири Ак деңиз, бири Кара деңиз болуп турган мезгили.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости