www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги экс-депутат Бейшенбек Абдыразаковду кепке тартып, айрым маселелер боюнча ой бөлүштүк.

--Бейшенбек мырза, өкмөт башчынын эмгек өргүүгө чыкканы коомчулуктун сынына кабылды. Негизи ушундай оор мезгилде эс алууга кеткени туурабы?

--Өкмөт башчы мыйзамдын негизинде бир жылда бир жолу эмгек өргүүгө чыкканга укугу бар. Бирок жанагындай ызы чуудан кийин карантин убагында кетүүсү туура эмес. Карантин убагында эл ооруп кыйналып турганда эл менен болуп, тикесинен тик туруп элге кызмат кылса болмок. Эс алганга тынч заманда каалаган убакытта деле кетсе болот эле да.

--Атамбаевдин балдары саясатка аралашып, КСДПдагы саясий кеңештин мүчөлөрү менен эсептешпей өз билгендерин кылып, атасынын атын жакшы жагынан чыгарабы же ого бетер кадырын кетиришеби?

--Атамбаев өзү 30 жылга жакын убакытта Акаев “Алга Кыргызстан” партиясы менен балдарын депутат кылганда, Бакиев тааныштарын “Ак Жолго” алып келгенде төңкөрүш кылган. Мындай болбойт, үй-бүлөлүк башкарууга жол бербейм деп. Эми өзүнүн балдары Айдар менен Берметтей болуп, атасы бийликтен кеткенде депутат болгусу келип. Бул нерсе Кыргызстанда партия жок экендигин тастыктай. Партия партия эмей эле жеке менчик жабык акционердик коом, бизнес клуб экенин дагы бир жолу далилдешти. Партиянын ысык-суугуна күйгөндөрдү партиядан кетирип, эки баласы КСДПНы менчиктеп, ААК “Кыргызавтомашка'' айландырды. Өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күндө Кыргызтандагы бардык партиялардын кебетеси ушундай. Бул тарыхый факт. Балдары саясатка аралашып, байлыгын коргоп калам деген аракети туура эмес. Атасындай болуп, саясаттан бизнес кылам дешсе, анда мурунку президенттин балдарындай эле болуп, жакшы жактан эмес, аттары жаман жактан чыгып калат. Бизде бийликтин системасы ошондой түзүлгөнбү же бийликке келгендердин табияты башкабы  6 жыл сайын ажо алмашканда партиялар да алмашат.

--Сыймык Жапыкеевге козголгон кылмыш иш аларга ишенгендердин демин суутуп койбойбу?

--Негизинен Сыймык көтөргөн маселе туура. Айтайын дегеним, мындай маселе ар бир шайлоо алдында, ар бир төңкөрүштө көтөрүлөт. Бирок, бийлик өз ыңгайына, өз кызыкчылыгына карата колдонот. Азыр деле Жумалиев бийликтин партиясын күзгү шайлоодо каржылап берем десе, Сыймык камалат да Жумалиев кайрадан депутат болот. Бир киши эч нерсе кыла албайт, ал үчүн бүт эл талап кылыш керек. 20-50 миң киши аянтка чыгып, мыйзам негизинде иш кылса, таламай, тономой болбойт. Мыйзамсыз баюу беренеси менен Исраилов камалгандай Жумалиевге да ошол берене менен иш козгоп кустуруш керек. Бирок, бир эле Жумалиевди эмес, Кыргызстандын 70 жыл чогулткан байлыгын 70 киши 1990-жылдардын башында менчиктештирүү деп бөлүп алган. Ошонун баарын кустуруп сырткы карыздан кутулуш керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости