www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өлкөдөн чыгып кетүү талабы менен абактан бошотулат. Бул тууралуу айрым ЖМКлар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Алмазбек Атамбаевдын бошотулушу боюнча Россия менен Кыргызстандын жаңы бийлигинин ортосунда сүйлөшүү болгон. Анын негизинде, мурдакы өлкө башчысы өлкөдөн чыгып кетиши керек.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев бир канча кылмыш иштери боюнча айыпталып, анын экс-президент макамы алынган. 

Жогорку Сот мурдакы күнү кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулуп, Кыргызстандан чыгып кетүүсү боюнча ишти кайра кароо үчүн райондук сотко жөнөттү. 

Эске салсак, өмүр бою эркинен ажыратылган Азиз Батукаев 2012-жылы Нарын абагынан бошотулуп, чартердик рейс менен Россияга учуп кеткен. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости