www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2-декабрдагы Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында “2018-жылдын 2-ноябрында Астана шаарында кол коюлган Ядролук же радиациялык авариялык кырдаал келип чыккан учурга карата даярдыкты камсыздоо жана алардын кесепеттерин жоюуда өз ара жардам берүү боюнча КМШга катышкан мамлекеттердин аракеттенүүсү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды.   

Аталган макулдашуу аркылуу ядролук же радиациялык авариялык кырдаал келип чыккан учурга карата даярдыкты камсыздоо жана алардын кесепеттерин жоюуда өз ара жардам берүү багытында кызматташтыкты кеңейтүүгө жетишилет.

Мындан тышкары, парламенттин бүгүнкү жыйынында “2019-жылдын 25-октябрында Москва шаарында кол коюлган, бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Сербия Республикасынын ортосундагы Эркин соода жүргүзүү зонасы тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” жана “2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдардын долбоорлору экинчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости