www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек-Ош унаа жолунда жол тазалоочу унаалар жетишсиз

28-29-ноябрь күндөрү Өзгөчө кырдаалдар министринин тапшырмасынын негизинде атайын комиссия түзүлүп, министрлик тарабынан берилип келе жаткан шашылыш билдирүүлөргө жана киргизилген чектөөлөргө карата Бишкек-Ош автоунаа жолунда жол коопсуздугун камсыз кылган кызматтар тарабынан аткарылып жаткан иш-чаралар жана алардын кышка даярдыгы жеринде текшерилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Чүй облусунун Жайыл районундагы “Сосновка” постунан Жалал-Абад облусунун Токтогул районунундагы “Арал” постуна чейин ашууларды тейлеген мамлекеттик кызматтардын тейлөөсү боюнча кышка даярдыгы, атайын техникалардын даярдыгы жана жолго чачуучу инерттик материалдардын көрөңгөсү каралды.

Көйгөйлүү маселелердин бири болуп, жол тазалоочу атайын техникалардын жетишсиздиги, жолго кум чачуулар колго жүргүзүлүп жаткандыгы, инерттүү материалдардын ыкчам чачылбай калганы, атайын кум чачуучу техниканын жетиштүү санда жоктугу саналат. Мындан тышкары, оор жүк ташуучу автоунаалардын кышкы мезгилге карата даярдыгы толук өткөрүлбөгөн (ашуулардан чыга албай калган кээ бир оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары жайкы дизелдик май, чынжырчасыз чыгып алгандар). Аталган факторлор бүгүнкү күндө жол тыгындын пайда болушуна түздөн – түз себеп болууда.

Мындан тышкары, комиссия кыш мезгилинде кандайдыр бир кырдаалга байланыштуу унаа жол жабылып калган учурда “Сосновка” жана “Арал” постторундагы ӨКМ тарабынан коюлган тамак-аш берилүүчү жана жылытуу пунктардын даярдыгын көрдү: текшерүү учурунда “Арал” постундагы жылынуучу пункт толук кандуу даяр эместиги аныкталып, тез арада кемчиликтерди жоюу иш-чаралары аткарылды. Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү министрлик, ведомстволорго кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштар берилди.

“Урматтуу айдоочулар, эгер сиздер тоолуу унаа жол менен алыскы сапарга чыгууну мерчемдеп жатсаңыз, сөзсүз турдө аба-ырайына көнүл буруп, зарылчылык жок болсо, шашылыш билдирүү убактысында жолго чыкпоону сунуштайбыз”,- деп кайрылат ӨКМнин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости