www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 2-декабрда, Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин видеоконференция форматындагы сессиясына катышат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, уюмдун мындан аркы ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун арттыруу, Жамааттык коопсуздук кеңешинин жана ЖККУнун уставдык органдарынын сессияларынын чечимдеринин ишке ашырылышынын жүрүшү, ЖККУга мүчө-мамлекеттердин парламенттер аралык кызматташуусун мындан ары бекемдөө маселелери талкууланат.
Иш-чарага Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенконун, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашиняндын, ошондой эле ЖККУ башкы катчысы Станислав Застын катышуусу күтүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg