www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ элчилиги УКМКнын Матраимовдун ишин иликтөөсүнө эми коррупциялашкан шериктери кирет деп белгилейт. Тергөө жана жоопко тартуу, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жана кыргыз элинин нанын уурдагандарды адилеттүү жоопко тартууга өбөлгө түзөт - деген пикирин жазыптыр. Булардын Кыргызстанга ички саясатка аралашканга кандай акысы бар? "Жаман үйдүн коногу бийлейт" болуп жатышабы?

Акыйкатты айта турган мезгил келди. Арт жакка бир кылчайып көз салып, кечээ жакында эле болуп өткөн тарыхыбызды магнитофондун пленкасындай көз алдыбыздан келтирип көрөлүчү. Бакиев башкарган беш жылда өлкөнүн экономикасы өсүп, элдин жашоосу оңолуп гана калбай, башка мамлекеттер биздин өлкөнүн ичине өздөрүнүн сасык тумшугун тыга алган эмес. Башканы айтпай эле коелу, мен деген Путин да кирише алган эмес. Каримов, Назарбаевдер Бакиевдин жанында чабал эле президенттер болуп көрүнүп калышкан. Бакиев Американын базасын чыгарбай кармап турганынын себеби, анын батышчыл башкаруучу болгону үчүн эмес, америкалыктар база үчүн төлөгөн акча менен көп иштерди бүтүрүп алайын деген. Карыз албай, карызга батпай өз күчүбүз менен жаңы нерселерди куралы деген жакшы ою менен кармап турган. Убак сааты келгенде чыгарат болчу. Бакиевдин куулуп кетишине ушул да себеп болгон.

Ал эми Атамбаевчи? Бүткүл кыргыз элинин итиркейин келтирген дөөдүр Атамбаевди Путин жакшы көрүп калганына эч бир соо адам ишенбейт. Тимеле "досум Путин" деп алганына, жолугушууларда базардан апасын күткөн баладай болуп Путиндин кучагына өзүн таштап жибергенине, а түгүл «чуть ли» өбүшө тургандай кучактап жармашып калганына эмне бересиң? Американын базасын Путиндин бир сөзү менен чыгарганы үчүн Путин: "жүрсө бир дабдыр жүрөт да" деп жаш баланы алдагандай жакшы мамиле кылып койгон. Бирок, акыйкат үчүн айтып коюшубуз керек: Американын базасын чыгарганы үчүн Атамбаевге рахмат айтышыбыз туура болот. Ал эми, азыр да Атамбаев чыга турган болсо, демек Путиндин колу бар. Путиндин тили менен Атамбаевди чыгарса, демек Садыр Жапаров биз ойлогондой күчтүү лидер эмес. Жээнбеков деле Путиндин сызган сызыгынан чыкпай келди. Мен биздин мамилелер Орусия менен жакшы, жакын болушун каалайм, ансыз Кыргызстан мындан да бешбетер жаман акыбалга капталабыз. Ошон үчүн бизге Орусиядан кол үзбөй турган башчы керек. Бирок, ички иштерибизге киришкенге жол койбошубуз зарыл.

Ал эми тиги деңиздин нары жагында жаткан Америка, жана алардын Кыргызстанга таштаган “Азаттык” деген диверсанттарына этият болушубуз зарыл. Американын Райымбек Матраимов менен кандай иши бар? Эмне, Кыргызстандын Райымбектей бир азаматтын америкалыктардын айткан баасы менен баалап, ошолордун соту менен соттош керекпи? Деңиздин нары жагында жаткан америкалыктарга, бир кичинекей өлкө болгон Кыргызстандай мамлекетте жашаган Райымбек Матраимов деген бир атуулубуз жөнүндө кимдер отчет берип, америкалыктардын көчүгүн жалап жатышат. Албетте, баягы эле бузакы “Азаттык” да. Америка аралашкан Ирак, Ливан, Сирия, Афганистан, Украина сыяктуу өлкөлдөрдүн тагдыры жөнүндө “Азаттык» жааматы, батышчыл "күчүктөр": Отунбаева, Текебаев, Сооронкулова, Иманалиев, Акаев, Карасартова, Ровшан, Ошрахуновалар таптакыр ойлонушпайт окшойт. Азыраак акча үчүн элин сатып жибергенден кайтпаган буларды ким тыят?

Мына окурман, эгер жакшылап ой жүгүртсөк, бир гана Бакиевдин убагында өз тагдырыбызды өзүбүз чечип, башкалардын тумшугун тыгышына жол койбой, акыйкаттан эгемендүү мамлекетте жашаганбыз. Башка убактарда атыбызга эле эгемендүү болбосок, а чындыгында бирөөнүн колун карап жашаган жетим баладай эле күн көрүп келдик.

Мына эми Садыр Жапаровдон үмүт чоң, Кудай буюрса өлкөнү өз билими, өз күчү менен башкалардын көзүн карабай башкарат деген үмүттөбүз. Путин киришип жатат деп, Атамбаевди чыгарып жибербейт болуш керек деп ойлойбуз. Ал эми Райымбек Матраимовго асылгандар! Раимден башка да байлар өлкөбүздө толуп, тыгылып жатат. Көңүлүңөрдү ошолорго да бургула. Раимди гана тиктей берип, мойнуңар эшектин мойнундай болуп катып калды. Райымбек Матраимовдон айланбай тирилигиңерди кылгыла. Райымбек Матраимовду биз капа кылдырып койбойбуз, себеби анын элге кылган жакшылыктарын көр боло турган инсандар гана эсинен чыгарат.

Шамурза Бөрүкулов, жарандык активист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости