www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2-декабрда Конституциялык палата  “Реформа”  партиясынын парламент 22-октябрда кабыл алган “Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө мыйзамга каршы жазган арызын карап жатат.

Отурумга “Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова, адвокаттар Таалайбек Усубалиев жана Нурбек Касымбековдор катышып, ишти судья Эмил Өскөнбаев кароодо.

Жогорку Кеңештин чечимин четке кагуу жөнүндө арыз менен Конституциялык палатага кайрылган Сооронкулова парламенттик кайра шайлоо күнүн белгисиз мөөнөткө калтырган мыйзам Конституциянын бир нече нормасына каршы келерин айтты.

“Биринчиден, шайлоочулардын укугу бузулду. Жогорку Кеңеш бизди шайлоо жана шайлануу укугубуздан ажыратты. Шайлоо дайындалып калгандан кийин аны токтотуп койгонго булардын укугу жок болчу. Укуктук талаада мындай болбош керек”, - деди Сооронкулова.

Белгилей кетсек, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону кайра өткөрүүнү 20-декабрга белгилеген. Анын эртеси Жогорку Кеңеш шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча, башкача айтканда, БШК таянып иш алып барып жаткан беренени 1-июнга чейин токтото туруу мыйзамын кабыл алды. Ал документке президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров да кол койгон. Мындан улам жогоруда аталган тараптар Конституциялык палатага даттанган.

Эске салсак, 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Андагы массалык добуш бурмалоого калайык каршы чыгып, 5-октябрдан тартып өлкөдө ири нааразылык акциялары башталган соң, БШК анын баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарып, Жогорку Кеңешке кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген.

Бир катар партиялар шайлоону мыйзам чегинде жана Боршайком белгилеген убакытта (20-декарда) өткөрүүнү, жаңы чакырылыштагы парламент калыптана элек өткөөл учурда азыркы Конституцияны өзгөртүү далалатынан баш тартууну талап кылып жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости