www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-декабрь-Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнүнүн алкагында баңгизаттарды алдын алуу боюнча жолугушуулар кербени муниципалдык аймактык башкармалыктардын, кварталдык турак-жай комитеттердин өкүлдөрүнүн, жаш өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспекторлордун арасында башталды. Бул тууралуу ИИМдин БМЖКККнын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь районунун администрациясынын базасында болуп өттү. Мындан ары ушуга окшогон иш-чаралар борбор калаанын аймактык администрацияларынын бардыгында өткөрүлмөкчү.

Октябрь райондук администрация башчысы Д.К. Арпачиев жана Октябрь райондук администрация башчысынын биринчи орун басары К.М.Айтакуновдор саламдашуу сөзү менен чыгып сүйлөштү.

Кезегинде ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери катышуучуларды калк арасындагы баңгизаттарды колдонуу тенденциясынын өзгөрүүсү, ошондой эле алдын алуу мүнөзүндөгү иштерди өткөрүүгө зарыл болгон чаралар тууралуу маалымат менен тааныштырышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө көптөгөн катышуучулар баңгичиликти алдын алуу чөйрөсүндөгү буга окшогон биргелешкен иш-чараларды өткөрүү зарылдыгы жана маанилүүлүгү туурасында айтып кетишти.
Иш-чаранын аягында Октябрь райондук администрация башчысынын биринчи орун басары К.М.Айтакунов катышуучуларды бул багыттагы иштерди өткөрүүгө олуттуу мамиле кылууга чакырды.

Аталган иш-чара ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте уюштурган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости