www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Финпол: Бюджеттен акча каражатын уурдоо фактысы аныкталды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан “С.Т.” ЖЧКнын жооптуу адамдарына карата мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн акча каражатын уурдоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши тергелип жатат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун капиталдык курулуш башкармалыгы аталган ЖЧК менен Ош шаарындагы Кеңсай турак жай конушуна кирүүчү жана айыл ичиндеги жолдорду куруу боюнча келишим түзүп, андан кийин жалпы суммасы 42,9 миллион сомдон ашык акча каражаттарын которгону аныкталды. Бирок, бүгүнкү күндө объект пайдаланууга бериле элек, ал эми аткарылбай калган жумуштун көлөмү жана суммасы 13 миллионго жакын сомду түздү.

2020-жылдын 26-ноябрында КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык аталган ЖЧКнын жетекчиси “П.Т” деген жаран кармалган.

28-ноябрда Ош шаардык соту тарабынан кармалган адамга карата Ош шаарындагы тергөө абагына камакка алуу түрүндө жаза өтүү чарасы колдонулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости