www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кой-Таштагы үйү бүтсө ошол жака жашаймын. Бюджеттен бир тыйын алганым жок. Мыйзам боюнча мамлекет өзү салып бериш керек. Роза Отунбаева деле жашап жатпайбы? Мага салынган үй мамлекеттин үйү. Салынган үйүмдү жоро-жолдошторум менен салдык. Мен баарын билем. Атамбаевдин баардык кыймылы микраскоп менен карап турушат", деди Алмазбек Атамбаев.

Эске сала кетсек, Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгы Мамлекеттик резиденцияда мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге жаңы үй салынганын билдирген.  Мамлекеттик резиденциянын аймагында бош мамлекеттик дача жок болгондуктан, жогорудагы мыйзамдагы эрежелерге ылайык, жаңы имарат куруу жөнүндө чечим кабыл алынган. №17 мамлекеттик дачаны курууга республикалык бюджеттен каражат коротулган жок. Курулуштун ички-тышкы инженердик-коммуникациялык жабдууларына, эки гаражы менен жалпысынан 89,3 миллион сом сарпталган. Курулуш, монтаж иштерине 77,8 миллион сомду Алмазбек Атамбаев демөөрчү катары берди. Азыр ал жерде экс-президент үй-бүлөсү менен жашайт. Имараттын жалпы аянты 301,8 чарчы метр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости