www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
--Курултайдан 15 делегат чыгып кетти деген сөздөр тарады. Дегеле КСДПнын келечеги кандай болот деп ойлойсуз?
--Калыс сөзүмдү айтсам Кыргызстандагы белдүү партиянын ушундай, чоң кризиске кабылышына чындыгында ич ачышпай койбойт экен! "Таба эмес тобо" дейли. Бирок партиянын мындай оор ахыбалга келишине ошол партиянын лидерлеринин "ала бармандыгынан", ашыкча өзүнө ишенгендигинин натыйжасы ушундай болуп олтурат! Азыркы чыгып кетти деген 15 киши, эртең жүз элүү адам болбойт деп эми эч ким кепил боло албайт! Кандай айтканда да бул партиянын ахыбалы ото оор болуп, келечегин жөө туман басып, эч нерсе көрүнбөй тургандай ахыбалда болуп турат. Партиянын оргу баргы, лидери мындай авантюрага эч качан барбашы керек эле! "Акыл калчабай",- иш кылгандын аягы качан жакшы болчу эле! Мындайда, жөнөкөй партия мүчөлөрүнө эле оор, ал эми партэлиталарың болсо эртең, жылуу колтука киришип, "мышыкча" тез эле буттарына туруп алышат!, - деди Мурат Жетимишбаев.
Булак: NazarNews.kg