www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сириядагы согушту жөнгө салууга кыргызстандык аскерлерди жөнөтүү жаатында сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы тууралуу маалыматты президент Алмазбек Атамбаев четке какты.

Москва Сириядагы калабаны жайгарууга Кыргызстан менен Казакстандын аскерлерин да тартат деген маалыматтар 22-июнда тараган. Орусиянын айрым сайттары муну Мамлекеттик думанын Коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасы Владимир Шамановго таянып билдирген.

Президент Атамбаев Татарстанга жасаган сапары учурунда 24-июнь күнү журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, мындай маселе эч качан көтөрүлбөгөнүн айтты:

- Эгер бул суроо талкууланганда, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жалпы чечими, БУУнун резолюциясы болушу керек эле. Үчүнчүдөн, мындай маселени кыргыз парламенти чечет. Биз муну такыр талкуулаган жокпуз, угуп алып таң калдым,- деди мамлекет башчы.

Мурдараак казак бийликтери да маалыматты четке каккан.

Булак: "Азаттык"

Последние новости