www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди  жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы  менен куттуктады.

“Көп кылымдар бою чыңдалып келе жаткан жакшы коңшулаштыктын,  өз ара ишенимдин жана урматтоонун принциптерине негизденген эки тараптуу мамилелерди биргелешкен аракеттер менен келечекте  сапаттык жагынан жаңы деңгээлге алып чыга алабыз деп ишенем”,- деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Президент Шавкат Мирзиёев Президент Алмазбек Атамбаевге чың ден соолук, үй-бүлөлүк эсенчилик жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине – тынчтык, өнүгүү, прогресс жана мындан ары гүлдөп өнүгүү каалады.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаевди жана Кыргыз элин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Азербайджан президенти Ильхам Алиев, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов куттуктады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости