www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-июнда өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына  калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтын сапатын жакшыртуу, анын жеткиликтүү болушун камсыз кылуу, тактап айтканда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун ишке ашыруу аркылуу диализдик кызматтын  калкка  жеткиликтүү болушун камсыз кылуу туурасында маалымат берилди.

Талантбек Батыралиев  Президентке ошону менен бирге өлкөдө жаңы медициналык мекемелердин курулуштарынын жүрүшү, ооруканаларды куруу, ремонттоо жана модернизациялоо боюнча мындан аркы пландары жөнүндө айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев саламаттыкты сактоо тармагында реформаларды натыйжалуу ишке ашыруунун маанисин баса белгилеп,  медициналык жардам берүү системасын мындан ары өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди деп билдирет президенттин басма сөз кызматы. 

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости