www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны болду. Ошол эле маалда Жогорку Кеңештин сыртында жерлерибизди трансформациялоо мыйзамын кабыл алып бергиле деп бир топ адам турду.

Бирок негедир күн тартибине бул маселе кирбей калган. Кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы барбы же дагы башка себеби барбы ким билсин, айтор ишти создуктуруп олтуруп, эл өкүлдөрү биринин артынан бири микрофонго чыгып ачуу сөздөрүн айтып жатты.

Депутат Иса Өмүркулов сөз алып, бөлүм башчынын жоопкерчилигин кароону өтүндү. Ал бул маселе боюнча документтер даяр эмес экендигин айткан. Өкмөт макул болсо, комитеттен бир пикирге келе албай жалпы жыйынга алып чыксак, бүгүн карабаганда анда качан карайбыз?

Неге бул маселени карабашыбыз керек деп спикер Турсунбековду челип өттү. Спикер өз кезегинде камырабай, документ даяр эмес экендигин, тиешелүү бөлүмдө экендигин белгиледи.

Депутат Кожобек Рыспаев да атырылып чыга калып, кээ бир өзүңөргө керек мыйзамдарды караганда эч кандай тоскоолдуксуз карап жибересиңер да, элге келгенде эле эңгиреп, эшектин тушоосун чече албай каласыңар таризинде кеп айтып, бул маселе жаңы шайланып келгенде эле көтөрүлгөн, ошондон ушул убакка чейин түйүн чечилбей келгенин, элди эзип келебиз, бүгүн маселени чечип, чекит коюш керектигин айтты.

Кийинки сөздү Дастан Жумабеков алып, бул мыйзам долбоору боюнча экспертизанын чечими чыкканын, тиешелүү адамдарды чакырып чечүү керек деди. Жыйынтыгында эл өкүлдөрү талашып, тартышып олтуруп бул маселени карап, чекит коё турган болушту.

Булак: “Фабула"

Последние новости