www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Куйручук куудул тууралуу 5 чындык

1. Куйручук манасчы болгон! 

Ооба, ал Манасты 19 жашында үйрөнүп, айта баштаган. Айрыкча, Алманбет менен Чубактын жол талашканын, Тайторунун чабылышы, Каныкейдин жомогун, Семетейдин Таласка биринчи ирет келишин ушул ж.б. окуяларды өзү жакшы көрүп, бериле бир күркүрөтө айтчу экен.

2. Куйручук алп акын болгон!
Жез таңдай акындардан ашса ашып. асты алардан кем калбаган чоң акын болгон. Райымбектин ашында Токтогул, Эшмамбет, Курман, Карамырза, Коргол аттуу атактуу ырчылар менен жалгыз өзү беттешип, бул жоргосу төгүлгөн төкмөлөрдү жарга такап, сөз кудуретине баш ийдирген.

3.  Куйручук чечен болгон!
Бул туурасында улуу жазма акын, манасчы Тоголок Молдо "Куйручук кара жаак чечен эле... Ал кандай шартка кабылса да, башын төмөн салып багынбаган, куюлуштуруп сүйлөсө жаңылбаган, оттой жалындаган адам болгон. Сөзү кылычтай курч, тили тибиркелүү эле. Сөзүнүн күчтүүлүгү жана сөз тапкычтыгы боюнча Куйручукка кыргызда эч ким жеткен эмес" деп эскерген.

4. Куйручук олуя болгон!
Ал акылы жарык акылман! Акылман киши олуя боло албайт. Олуялык кереметти Кудай өзү жактырган пендесине берет. Анын көзү ачыктыгы өзгөчө болгон. Ал карта жайып, төлгө тартып, медитацияга чыккан эмес. Куйручук төгөрөктү Кудайдын көзү мененг көргөн. Ал өзү кошо багышкансып, бирөөлөрдүн жайыттагы малынын өңү-түсүнөн бери айтып салчу экен. Ал керек болсо, кутурган кишини айыктырган. Улуу Ата-Мекендик согуш чыгаарын 15 жыл мурда айтып коюптур. Кийин 1939-жылы Жазуучулар арасында да дагы бир жолу кайталап айткан экен.

5. Куйручук баатыр болгон!
Кудай сүйгөн Куйручук 5 ирет эр сайышка түшүп, намыска жараптыр. Эр сайышка өлүмдөн коркпогон, башын канжыгага байлаган эрлер гана түшкөн эмеспи. Анын баатырдыгы туурасында мындан да башка окуяларында айтылып келет.

Булак: "gezit.kg"

Последние новости