www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Алмазбек Атамбаевдин Орусияга болгон иш-сапарынын алкагында 20-июнь күнү Кыргызстандын маданият күндөрү Кремлде өтөт. Иш-чарага 200дөн ашык артисттер катышат. Кыргызстандын маданият күндөрү Орусиянын Москва, Казань жана Уфа шаарларында өтөт. Орусиядагы Кыргызстан маданият күндөрүндө “Курманжан датка” жана “Атанын керээзи” көркөм фильмдери, живопись сүйүүчүлөрү үчүн көргөзмө жана симфониялык оркестрдин концерти көрсөтүлөт. Кыргыз маданиятын даңазалаган программа Кремль сарайында биринчи жолу коюлат. Иш-чарага эки өлкөнүн президенттеринин катышуусу да күтүлүүдө. Иш-чарага бара турган искусство ишмерлери азыр кызуу даярданып жатышат. 200дөн ашык артисттер эртеден кечке өздөрүнүн чеберчилигин курчутуп, кыргыздын бай маданиятын өз деңгээлинде көрсөтүүгө аракет кылып жатышат. Москвалык көрүүчүлөргө кыргыз улуттук бийи жана музыкасына күбө боло алышат. Мындан тышкары, кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгектери коюлган көргөзмө да болот. Иш-чара 10 күнгө уланат. Белгилей кетсек, Кыргызстан маданият күндөрү Орусиянын борбор шаарында биринчи жолу өтүп жатат.

Камчыбек Бостон "Nazarnews"

Последние новости