www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагында калды

Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында калтырылды.

Мындай чечимди бүгүн, 2-сентябрь күнү Биринчи Май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков чыгарды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Алмазбек Атамбаев менен чогуу Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткан Кундуз Жолдубаева билдирди:

"Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш окуясы боюнча бөгөт чарасы каралбаптыр. Ал эми Азиз Батукаевдин иши боюнча сот чечими күчүнө киргендиктен, Алмазбек Атамбаев №1 тергөө абагына которулмак. Бүгүнкү соттук отурумда прокурорлор соттон Атамбаевдин бөгөт чарасын кароону өтүнүштү. Судья Майрамбек Сыдыков Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагында калсын деп чечим кылды".

Булак: NazarNews.kg

Последние новости