www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү кырдаалга жараша окууну салттуу режимде калыбына келтирүү үчүн бир нече варианттарды даярдаган. Бул тууралуу «Ала-Тоо-24» эфиринде аталган мекеме жетекчисинин орун басары Надира Джусупбекова билдирди.

Маалым болгондой, эпидемиологиялык абал турукташаары менен биринчилерден болуп, 2-5-9-11-класстардын окуучулары мектепке келип окуй башташат. 

«Анткени, 2-класттын окуучулары болгону буга чейин бир жыл окушкан, ал эми 9-11-класстар — бүтүрүүчүлөр, алар канчалык көп окушса, бүтүрүү сынагына даярдыгы жакшы болот. 5-класс — жогорку класстын окуучуларына кадам шилтеген балдар, буларга ар түрдүү мугалимдер сабак ɵтɵ баштайт, ошондуктан булар бир аз кыйналып калышы мүмкүн», — деди ал. 

Министрдин орун басары белгилегендей, эң негизгиси — балдардын, мугалимдердин жана ата-энелердин коопсуздугу.

Эске салсак, 1-сентябрдан баштап 1-класстын окуучулары гана мектептен окушууда, калган класстардын окуучулары жаңы окуу жылынын биринчи чейрегин  аралыктан окушууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости