www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-июнда өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борборун капиталдык оңдоодон өткөрүү, модернизациялоо жана жабдуулар менен камсыз кылуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма-сөз кызматы билдирди. 

Кеңешмеде Улуттук онкология борборун модернизациялоо максатында онкология ооруларын эрте аныктоо үчүн заманбап диагностикалык жабдуулардын комплексин алуу, нур терапиясы үчүн заманбап аппараттар менен жабдуу пландалып жаткандыгы белгиленди. Бул онкологиялык кеселге чалдыккан пациенттерди атайын нур менен толук көлөмдө дарылоого мүмкүндүк берет. Ошондой эле Улуттук онкология борборунун операция блогун жана реанимациясын заманбап жабдуулар менен камсыз кылуу каралган. Бул да онкологиялык ооруга чалдыккандарды дарылоонун натыйжалуулугун арттырмакчы.

Улуттук онкология борборунун имараты мындан 50 жыл мурда курулганын эске алып, негизги имараттар менен жайларды реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо пландалууда. Оңдоо иштери учурунда оорукананын имараты заманбап көрүнүшкө келтирилет, ошондой эле борбордун бардык территориясы жашылдандырылат жана көрктөндүрүлөт.

Оор дартка чалдыккан адамдарды дарылоо шарттарын жакшыртуу боюнча мындан ары чараларды көрүү зарылчылыгын баса белгилеп, Мамкурулушка Улуттук онкология борборунун балдар онкологиясы бөлүмүнүн жаңы имаратын долбоорлоо ишин баштоону жана бир жылдын ичинде курулушту аяктоону тапшырды.

Булак: NaazarNews.kg

Последние новости