www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Катар террорчуларга 1 миллиард доллар төлөп берген дешүүдө. 5 мамлекет менен үзүлгөн алакадан соң, Катардын фонддук индекси төмөндөп жатат. Катар королдук үй-бүлөнүн мүчөлөрүн Ирактагы барымтадан бошотуу үчүн террорчулар тобуна миллиард долларга чейин төлөп бергендигин “The Financial Times” акча берүүдө катышкан тараптарга таянып жазып чыкты.

Катардын бийлиги Сирияда туткунга алынган 50 аскерди бошотуу үчүн Ирактын түштүгүндө террордук топтун 26 мүчөсүнө акча төлөгөн. Акчаны Сириядагы “Аль-Каида” жана Ирандын атайын кызматтары алышкан. Бул окуя ушул жылдын апрель айында болгон. 5-июнда Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары, Ливия, Мальдив, Йемен, Сауд Арабия, Египет өлкөлөрү Катарды террорчулар менен кызматташты деп дипломатиялык алакасын үзүштү.

Мындан кийин гана Катардын исламчыларга акча бергендиги айтыла баштады. "5-июндагы 5 мамлекеттин Катар менен мамилени үзгөндүгү тууралуу дипломатиялык маалыматтардан соң Катардын фонддук рыногу төмөндөп кеткен. “QE All Share'нин" фонддук индекси 7,6 пайызга түшүп, “Qatar Ex” жана “QE TR” рыноктук индикаторлору 7 пайызга үлүшүн жоготкон. Катардын жашоочулары соода жайларынан азык-түлүк камдоо үчүн жөнөшсө, бийликтегилер кооптонууга негиз жок экенин айтып, азык-түлүктөн жетишпестик болбойт деп ынандырышууда”, - деп жазылат маалыматта.

Ушул эле маалда эл аралык коммерциялык эмес уюм “WikiLeaks” Твиттерге Америка президенттигине мурдагы талапкер Хиллари Клинтондун катын жарыялады. Анда Катар менен Сауд Арабиясы “Ислам мамлекетине” акча бергендигин АКШ билгендиги айтылат.

Камчыбек Бостон, NazarNews.kg

Москва шаары

Последние новости