www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эми сөздү ары бери буйтабай, кыргыздар айтмакчы, ток этер жеринен баштайлы. “Баштайлы” - дегенибиз бир киши эмес, бир топ кесиптештер ат башындай арманыбызды айтып албасак, аягы эмне менен бүтөөрү бүдөмүк.

Сөзүбүздү эмнеден баштаарыбызды да билбей турабыз, мурун мындай кат жазып көргөн эмес элек. Бирок акыркы учурдагы үй-бүлөлүк башкаруудан тажап же колубуздан эч нерсе келбей, аргасыз сиздерге кайрылуудабыз. Эгер атыбызды ачык атасак, эртең бизди кызматтан кетирбейт деп эч ким кепилдик бербейт!

“Жогорку соттун Төрайымынын кызматынан кетээрине бир жыл калды, ага чейин деле унчукпай койсокпу, башка жетекчи келсе тыяр” - дегенбиз. Бирок, ага чейин бу Акыевдер таза бизди уят кылып, шермендебизди чыгармай болушту.

Балким коомчулук көзөмөл органга көзөмөлдүк кылса, сабатсыз, тырмактай да дипломатияга, кадрга, башкарууга тиешеси жок адамдардын ички-тышкы саясатка киришип, тигини быякка, муну тыякка жылдырып, кыскартчуларды кыскартып, атасына жакпагандарга баласы иш кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, тымызын согуш ачып, бүтүндөй сот тутумун каалашынча калчаган, бизди уят кылган адамдардан тажадык! Орустар айтмакчы, «крик души»…

Эми сөз башынан болсун, коомчулукка белгилүү болгондой, Жогорку сот бийликтин көз карандысыз бир бутагы, судьялар – биз мыйзамга гана баш ийүүбүз керек. Бирок, акыркы бир нече айдан бери Жогорку сот Төрайымынын кеңешчиси болуп дайындалган Каныбек Акыев жөнүндө сөз болмокчу. Каныбек Акыевдин бир тууган атасы Арзыбек Акыев Жогорку сотто судья болуп кызмат кылат. Чынында ал аксакал кишиге биз деле өйдө карап сүйлөчү эмес элек, бирок мыйзамга туура келбестигине карабастан уулун төрайым кенешчи кылып алган. Мыйзам боюнча бир тууган, ата-бала бир жерде кызмат кылууга болбойт! Өзгөчө жооптуу чечимдерди кабыл алып, адам тагдырын чечкен жерде...

Каныбек Акыев Жогорку сотко келген күндөн тартып Жогорку сот гана эмес, жалпы сот системасында эмгектенген судьяларды да көзгө илип койбостон, башкарганы башкарган, кайда барба, кайда караба, бардык жерге башын тыгат! Жогорку соттун судьялары менен аппараттагылары гана эмес, жергиликтүү соттордун да, сот департаментинин да, башкалардын да көргүсү жок бул жигитти.

К.Акыевдин мындай жоруктары жөнүндө Жогорку соттун Төрайымы А.Токбаевага деле кирип айттык. Бирок майнап чыккан жок. Эгерде Сиздер аркылуу да буга чекит коюлбаса, Президентке кирип болсо да аргасыз айтууга ата-бала Акыевдер бизди мажбурлоодо.

Айтайын дегенибиз, көпчүлүк судьялар иштеген багытыбызга жараша тажрыйба алмашуу үчүн чет элдик сотторго барып, бир пайдалуу жери болсо өзүбүзгө алчу элек. Акыев Каныбек келгени биздин аты жөнүбүз жазылган чакырууларды чийип салып, өзү барып келүүдө. Деги айтыңыздарчы, кайсы мамлекеттик органда ага чакыруу келбесе деле, керектүү кишилерди сызып таштап, кеңешчилери кетип жатат. Бул ишке келгени көчүгү жер жыттай элек… Күйгөндөгү сөзүбүз, кечириңиздер, мындай жорук Акаевдин да, Бакиевдин да доорунда орун алган эмес.

К.Акыев судьялардын ордуна командировкага барып, эмне иш жасап жатат? Кимдин эсебинен? Келгенден бери эле канча жолу барды командировкага? Бирден санап коомчулукка отчёт берсинчи!  Канча каражат кетти? Мейли донордун каражаты кетсин, бирок ал судьялар үчүн каралган да. Анткени, биз, судьялар, тажрыйба алмашабыз, мыйзамды колдонуу, бирдей практикага жетүү, гумандуулукка жетүү ж.б. толгон маселелерди талкуулайбыз.

Элестеткиле, прокурорлор чакырылган иш чарага  прокурорду сызып таштап, кеңешчилер катышып жатканын.

Анан биз, “атасы Акыев Арзыбекке жакпаган судьялардан тымызын, секин-секин, балким баласы өч алып берүүдөбү?” - деп да ойлондук. Анткени, жумуш деген жумуш, ар кандай талаш-тартыштар болот. Ишти кароодогу келишпестиктер дегендей, ж.б...

Ар кайсы эл аралык уюмдар менен иштешчү иш группалары бар, мыйзам иштеп чыгат, ар кыл иштерди кылат, аларга да Акыев башын тыгат,түшүнсө төшүнбөсө да. Деги бул эмне деген жорук? Буга эмне үчүн Жогорку соттун жетекчиси Айнаш Абдымановна жол берет? Айнаш Абдымановна! Биз сизге бир ооз айттык, бирөөлөр аркылуу да бир нече ирет айттырдык, бирок такыр чечим кабыл албай жатасыз!

Биздин сот системасына  ата-бала Акыевдердин башкаруусунун кереги жок! Биз буга каршыбыз! Буга сиздин чечкинсиздигиңиз, Акыевдерди өзгөчө тайраңдаткан мамилеңиз түрткү болуп жатат! Буга чекит коюшуңузду талап кылабыз!

Качанкыга чейин биз иштен кыскарып же дагы башка шылтоо менен иштеген ордубуздан кетип калабыз деп коркуп жашайбыз?

Эми ушуну менен токтоп туралык! Эгер ушундан кийин да сот тутумунун судьясын кой, ар бир техникалык кызматкерине чейин кийлигишип, отчёт талап кылып, тим эле Берия болгонун токтотчу болбосо, иштен кетпесе, биз бул боюнча калбайбыз!

Аты-жөнүбүздү белгилүү себептерден улам айта албайбыз. Ансыз деле “кара тизме” бар деп уктук, аны ошол Акыевдер чечет дейт… балким сиздердин жардам жете электе кызматтан канчалары кыскарып, канчалары кетип калат, билбейбиз!

Рахмат сиздерге!

Жогору жактан, Жогорку соттон жооп кылышса, аны деле чогуу угуп, талкуулоого даярбыз.

Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьялары жана кызматкерлери.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости