www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев Фейсбуктагы өздүк баракчасына атасынын түрмөдөгү абалы боюнча чукул билдирүү таратты.

Анын айтымына таянсак, экс-президент Алмазбек Шаршеновичтин кан басымы 76-60га чейин төмөндөп кеткен. Дарыгерлердин айтымында бул нерсе каалаган учурда инсульт же инфаркт оорусуна алып келиши мүмкүн.

Журналист Нургазы Мусаев, «Олуттуу оорусу бар Алмазбек Атамбаев тез арада үй камагына чыгарылуусу керек. Бир нерсе болуп, ары карап кетсе бир ууч кыргыздын ыркы кетет. Азыркы бийлик кылымда кеткис сөзгө калат. Жээнбековго саясий чыңалуунун алдын алуунун жакшы удулу өзүнөн өзү келип турат», деген пикирин билдирди.

Эске сала кетсек, Алмазбек Атамбаев 2019-жылдын 8-августунда Чүйдүн Кой-Таш айылындагы болгон окуядан кийин бир нече беренелер менен камакка алынган. Учурда УКМКнын тергөө абагында камакта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости